ҮЙҮНӨН КАЧЫП КЕТИП МАКСАТЫНА ЖЕТКЕН МУГАЛИМ

  • 11.03.2019
  • 0

Акыл-эсин курал кылып, билимдин улуу дайрасын көздөй багыт алган, тоодой жүктү толукшуп аткарган, бир карасаң үйүндө эне, бир карасаң мектепте мугалим, бир карасаң коомдо активист, позитивдүү ой жүгүртүп, креативдүү ойлонгон, оргуштаган ойлорун ортого салган Ош шаарындагы №27 орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, “Жаш мугалим–2018” сынагындагы баш байгенин, “Ыйык тил” төш белгисинин ээси, ак кардын койнунда алп урушуп чоңойгон Чаткал элинин кызы — Тайыр кызы Нургүлдү мезгил менен кошо тең жарышкан заманбап мугалим катары бааласак эч жаңылышпайбыз.

 

ҮЙҮНӨН КАЧЫП КЕТИП МАКСАТЫНА ЖЕТКЕН МУГАЛИМ

МУГАЛИМ ЗАМАН МЕНЕН КОШО ТЕҢ ЖАРЫШЫШ КЕРЕК

Нургүл XXI кылымдагы ар бир педагог күн сайын билимин толуктаган, ар тараптуу маалымат менен сугарылган, интерактивдүү ыкма менен инновациялык ыкмаларды айкалыштырган, жаңы технологияны өздөштүргөн, интернет ресурстарын кеңири колдоно билген, өз билгенин кесиптештерине үйрөтө алган, массалык маалымат каражаттары аркылуу жалпы элге медиа сабаттуулугун көрсөткөн, ийгиликке жетүүгө кол сунган, гомо креатор окуучуларды колдоп-кубаттаган, артта калган окуучулар менен иштешүүнүн көзүн билген мугалимдерди гана заманбап мугалим деп ойлойт. Нургүл учурда төрт баланын энеси, мектепте окутуучу, класс жетекчи, Ош шаарындагы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин секция жетекчиси, ЭлТРдеги “Билерман ордо клубунун” мүчөсү (оюнчусу), орус класстар үчүн кыргыз адабиятынан колдонмо дептерлердин түзүүчүсү, “Беш сандык”, “Айтматовсуз аткан таңдар”, “Орошон ойлор”, “Мектеп жана Айтматов, 6 бутак 1000 тест” китептеринин автору.

Мугалимдик кесипти аркалаганына үч жылдын жүзү болгондугуна, жаштыгына карабастан мындай ийгиликтерге жетүүнүн сырын каарманыбыз, көп китеп окуп, аз уктаганы менен байланыштырат. Андан сырткары аткарууга милдеттүү жумуштарды ар дайым мерчемдеп аларын, китеп окуганда болобу, улуулардан сабак алганда болобу кептин ширесин, кызыктуу фактыларды үйрөнүп алууга тырышаарын айтат. Ар бир адамды чөйрө тарбиялаарын, айланасындагы адамдарды карап түздөнөөрүн баса белгилейт .

  • Акыл-эсибизге келбеген нерселер жаралып жаткан ааламдашуу доорунда окуучуларга билим берүүдө, мамлекетибиздин өнүгүү потенциалына салым кошууда мугалимдин орду эбегейсиз экени баарыбызга маалым. Бул убакытта окуучуларды бир нерсеге ынандыруу, аларга билим берүү бир канча машакатты талап кылат. Бул учурда каарманыбыздын пикирине таянсак, согуш учурундагы куралы жок менен куралдуу аскердин айырмасы болгондой эле, сабакка киргенде да мугалим куру кол кирбей курал-жарагы менен кирүүгө тийиш. Себеби бала тамырчы, мугалимдин сабакка даяр эмес экенин дароо эле билип алат. Мугалимдин окуучуга билим берүүдөгү эң чоң куралы сөз болушу керек. Ар бир сөзүн электен өткөрүп, аргумент, фактылар менен сүйлөөгө аракеттениши зарыл. Сабакка Зайырбек Ажыматов айткандай: “Ар күн сайын “Чоң казатка” аттангандай” аттаныш керек. Мугалимдин сабагы кызыктуу болуусу үчүн эң негизги куралы — дидактикалык каражаттар, ар бир сабагына болгон презентациялар, сабакты актуалдаштыруудагы музжаргычтар, гезит-журналдардагы окуучулардын өспүрүм курагына жараша жаңылыктар, дүйнөдөгү ачылыштар жөнүндө (албетте, өз предметтерине жараша) окуучуларга айтып берип туруусу керек. Себеби гүлгө суу куйганда кулпуруп өскөн сыяктуу эле, окуучуларды да жаңы маалыматтар менен камсыздаш керек. Ошондо гана мугалимге болгон сый-урмат, предметке болгон кызыгуу пайда болот. Ар бир предметтин коомдогу ордун жогорулатуу мугалимге байланыштуу. Эгерде окуучу кайсы бир предметке кызыкпаса, ал мугалимге байланыштуу экендигин айтат, — дейт Нургүл.

Нургүлдүн пикиринде, китеп гана эч бир сырды жашырбайт, ал адамдарга баарын үйрөтөт. Ошондуктан жакынкы күндөрдө Ош шаарында ачылган “Китеп kg” коомуна мүчө болуп улуу дебей, жаш дебей бардык адамдарды китеп окууга чакырып, ар кандай иш-чараларды да уюштуруп келүүдө. Каарманыбыз китеп окуу гана өмүрдү узартып, бир канча оорулардан алдын алат дейт. Азыр китеп көп окубайбыз, аз жашап жатабыз, оорунун түрү көп, ар бир экинчи адам уйкусуздукка кабылат. Дүйнөдө өнүккөн өлкөлөргө, ачылыштарды жасаган инсандарга көз чаптырсак, алар дээрлик китеп көп окуганына күбө болобуз. Кадимки эле фейсбукту негиздеген Марк Цукерберг болбой калды дегенде эки жумада бир китеп окуйт. Марк Кубан күн сайын үч саат убактысын китеп окууга бөлөт. Демек, китеп окуу гана адамдарга илим менен билимдин эшигин ача тургандыгына ынанбай койбойбуз. Себеби, ар бир окулган жаңы китеп жаңы идея, жаңы тажрыйба, кандай гана туңгуюк болбосун чыгууга жол таап берет. Жан дүйнөсүн азаптаган балээден кутултат. Китеп окуган адам менен окубаган адамдын массалык маалымат каражаттарынан маалымат алуусу, маалымат бөлүшүүсү асман менен жердей. Инсан китеп окуган сайын башкаларга окшош болуусу азайып, барган сайын өзүнүн өздүгү түптөлө берет. Китеп окуу өзүнчө чоң тема экени талашсыз чындык, — дейт активист Нургүл.

 

ЖАШ МУГАЛИМДИН МЕТОДИКАСЫ

ҮЙҮНӨН КАЧЫП КЕТИП МАКСАТЫНА ЖЕТКЕН МУГАЛИМ

Сөзүбүз далилдүү болуш үчүн Нургүлдүн сабак өтүүдөгү бир канча усулдарын, колдонгон ыкмаларын сунуштайбыз. Маселен, кыргыз тили жана кыргыз адабияты предметинен ар кандай сабак өтүүдө окуучуларды сабакка актуалдаштырып алуу үчүн эң жөнөкөй ыкмаларды колдонот. КЫРГЫЗ ТИЛИНЕН: 1) Кичинекей жат жазуу (5 мүнөт); 2) Бир сөздөн бир канча сөз куроо; 3) “А” тыбышына үнсүз тыбыштарды улоо менен жаңы бир канча сөздөрдү жазуу, сүйлөм мүчөлөрүн табуу; 4) даймонд ыкмасы; 1 Бир зат атооч бала 2 Эки сын атооч Акылдуу, жакшы 3 Жогорудагы зат атоочко тиешелүү үч этиш Ойнойт, сүйлөйт, ырдайт 4 Төрт зат атоочтун экөө биринчи зат атоочко тиешелүү, экөө акыркы зат атоочко тиешелүү Сөйкө, шакек, камчы, калпак 5 Жетинчи зат атоочко тиешелүү үч этиш Бийлейт, күлөт, үй жыйнайт 6 Жетинчи зат атоочко тиешелүү эки сын атооч Ийкемдүү, сулуу 7 Биринчи зат атоочко тиешелүү антоним Кыз 5) Т-схемасын колдонуу; 6) Тыным ыкмасы (Текстти окуп бара жатып токтотуп, талкулоо); 6) Метадискуссия – билим берүүдө окуучулардын пикири баалуу болууга тийиш. Сабак өтүүдө биринчи орунда мугалим баалоонун стадиясын жакшы өздөштүрүүсү керек.

МУГАЛИМ БОЛУШ ҮЧҮН ҮЙДӨН КАЧКАН

ҮЙҮНӨН КАЧЫП КЕТИП МАКСАТЫНА ЖЕТКЕН МУГАЛИМ

Нургүл мугалимдик кесипке бала кезинен көксөп жеткен. Ал 2009-жылдын 6-августунда ата-энесинин окутпайбыз дегенине болбой, Ош шаарына качып келип, ОГПИге тапшырып, бирок өтпөй калат.

– Үйдөн качып келгем, эми кайра үйгө кантип барам, же Россияга жумуш издеп кетсемби деп ар нерсени ойлонуп акыры өзүмдүн тапшырган тесттеримди бир көрөйүнчү, менимче, оңой эле суроолор келди эле го, неге жыгылдым экен, эмнеси болсо да барып көрөйүн деп апелляцияга арыз жазып, кабыл алуу комиссиясына кайрылдым. Кабыл алуу комиссиясы: “Мүмкүн өзүң өтпөй калгансың, сен туура белгилесең биз кантип өткөрбөйлү”, — деп жатканда, ары жактан шашпай басып бир чоң киши келип, эмне болуп жатат деп иштин чоо-жайын сурап калды. Бул ким болду экен деп турдум, көрсө ал окуу жайдын ректору Каныбек Исаков экен. Анан агайга үй-бүлөбүз жөнүндө айтып бердим, «Биз үй-бүлөдө он бир бир тууганбыз, мен эң кичинесимин. Менден чоң агаларым, эжелеримдин баары орто билимдүү. Атам мугалим болсо да эмнегедир бизди окуткан эмес. Мен да турмуш шарттын айынан окууга тапшыра албай калып кийин качып келе бердим», — десем, Каныбек агай ха-ха-ха деп коңур үнү менен күлдү да, «Азыр сага суроо берем, жооп берсең окууга аламын, кичине чымыны бар кыз окшойсуң», — деди. Ал мезгилде ЖРТ дегенге каалоочулар эле тапшырып, окуу жай өзүнөн тест алчу эле. Сүйүнгөнүмдөн көзүмдөн жаш тегеренип кетти, агайдын күтүүсүздөн эле суроо берем, жооп берсең окууга өтөсүң деген сөзүнө бир аз толкунданып да кеттим. Ошентип, суроолорунун баарына жооп бердим, анан агай күлүп, «Жакшы, окууга өттүң, сентябрдан келе бер, айтаарым мойнунан байлаган ит ууга жарабайт, туулган адам жаман эмес, турмуштан ордун таппаган адам жаман. Ушунча качып келип, окууга тапшырыпсың эми адам бол. Жыйынтыгы жок эле айылда жүргөндөн көрө деп келген болсоң адашасың, эл катары окууга келип кете бере турган болсоң анда окубай эле кой», — деди. Мен «жок, агай окуймун» деп ыйлап жибердим. Ошол күнү сынак менен эмес, К.Исаковдун суроолоруна жооп берип окууга өткөм. Эгер окууга өтпөй калганымда билбейм, азыр кайсы жерде эмне менен алек болор элем.., — дейт Нургүл.

 

ИЙГИЛИК СЫРЫ

ҮЙҮНӨН КАЧЫП КЕТИП МАКСАТЫНА ЖЕТКЕН МУГАЛИМ

Нургүлдөн мындай изденүүлөргө кайсыл мезгилде убакыт табасыз дегенибизде, ал жөн гана жылмайып: “Ар бир мугалим өз кесибин сүйүшү керек, а убакыт табыла турган нерсе”, — деп жооп узатты. Каарманыбыз менен кандай темада баарлашпайлы кызыктуу, элестүү маек кура алганы менен айырмаланат. Бул да болсо ар бир маалыматты терең билгендигинде болсо керек. Эмнеси болсо да түмөн түйшүктү мойнуна артып алган бул кесиптешибиз дагы да гезит беттерине жазылууга, ар кандай алкоолорго татыктуу экенин баса белгилегим келет. Ойносо оюнга, иштесе ишке, күлсө күлкүгө тойбой, жүрөгүндө оргуштап турган сезимдери менен бөлүшкөн Нургүлдүн мугалимдикке караганда илимге баш бакса алкылыктуу иштерди жаратарына көзүбүз жетти. Эң негизгиси — эмгекчилдигин жогору бааладык. Ар күнү жарышка чыкчу тулпардай туягы кызып турган Нургүлдү “чү, чү туягың ташыркабасын” деп гана алкагыбыз келди. Мындай жаш мугалимдерди билим берүү тармагы өз убагында иштетип, алгылыктуу иштерди алып барууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берсе деген аруу тилек, изги максат менен макалабызды жыйынтыктайбыз.

 

Чолпон КИЙИЗБАЕВА,

“Кут Билим” (Материал КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Европа биримдигинин “Мугалим кесиби” сынагынын алкагында жазылды)

Бөлүшүү

Комментарийлер