“ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ТАРБИЯНЫН ОЧОГУН КАРАБАГАН АТАЛАРДАН КОРКОМУН!..”

  • 05.02.2019
  • 0

же балага туура таалим-тарбия берүү үчүн аталарды тарталы.

 

«Билим берүүнүн башкы милдети – бардык адамдарга эркин ой, акыл тегеретүү, чыгармачылык  тартуулоо: алар натыйжада өз шык-жөндөмдөрүн ачып, өз тагдырларын колуна алат» 

А. Акаев

«Балдар – турмуштун туткасы, элдин келечеги, таалим-тарбиянын предмети»

А. Алимбеков

“ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ТАРБИЯНЫН ОЧОГУН КАРАБАГАН АТАЛАРДАН КОРКОМУН!..”

Эзелтен элибиз бала тарбиясына өтө кылдаттык менен көңүл бөлүп, түрдүү тыюуларды, багыттоолорду, көрсөтмө, нускоо берип, таалим-тарбия жаатында аксакалдар омоктуу ойлор, даанышман жомоктор менен элдик үгүт-насаат, таалим-тарбия  берип келишкен. Элдик даанышмандар кыздарга «кызга кырк үйдөн тыюу» десе, уулдарга «жигитке жетимиш өнөр аз» деп башын өнөргө, илим, билим алууга байлаган. Мекенчилдикке, адеп-ыйманга, табиятка болгон, алакалашуу, мамилелешүүдөгү маданиятты санжыргалуу санаттан тарта санжырадан бери кулагына күмүш сырга кылып илип да, куюп да келишкен.

«Окуучу таалим-тарбия алып эле тим болбостон, адептүү болгудай тарбияны уюштуруу зарыл» — деп Л.Выготский даана белгилеген. Ал эми элдик даанышмандар «Баланы жамандан сактап, жакшыга багытта» -деп бекеринен айтпаса керек. Мектептерде жана башка окуу жайларда жүргүзүлүп жаткан тарбия жараяндары да элдик педагогикадан сырт чыгып кетпейт. Мына ошол «турмуштун туткасы, таалим-тарбиянын предмети» болгон жаш муундарды тарбиялоо, «чырпыктан – чынар», «балапандан – темир канат куш» сымал «коомдун активдүү жарандарын», «ыйман, ызааттуу инсандарын» өстүрүп, жетилтип коом колуна карматуу (жүгү) милдети кесиптердин паашасы болгон «мугалим» деген «улуу күчкө» жүктөлгөн.

УСТАТТАР ТУУРАЛУУ УЧКАЙ КЕП

Адамдын акыл, аң-сезими өөрчүп, жамаатташып жашоо деңгээлине жеткен күндөн тартып эле андагы үйүр башын, уруу башын, айыл, журт башын кадырлап, урматтап келген сыяктуу эле ар тараптан акылы жетик, жол баштай алган, өзүнүн жүрүм-туруму менен андагы жашаган улуу-кичүүгө, эркек-аялга үлгү боло алган, таалим-тарбия жаатында эл ичинде талбас эмгек жасаган “гиддерди” — “мугалимди” тарбиячым, насаатчым, устатым деп баалап, аздек мамиле жасап, кастарлап, ага сый көрсөтө таазим кылып келишкен. Анын бир далили катары Азирети Алинин айтканын келтирели: “Бир тамга тааныткандын кырк жыл кулу болом”.

Акыйкатта, мугалим адамзаттын улуу устаты, илим-билим, акыл багынын багбаны. Ал ар бирибизди адам кылып тарбиялап, өстүргөнгө чейин канчалаган машакаттуу жолду басып өтсө да анысын милдет кылбайт, кесибин ак санаганы үчүн Улуу делет. Ошондуктан эл ичиндеги  залкарларыбыз, акындарыбыз, чыгаандарыбыз өздөрүнүн чыгармаларында мындайча белгилешпеген чыгаар,

… Бардык жандар калбайын деп бакыттан,

Келе дешет калгычакты кашык кан.

Бул дүйнөдө мугалимдер бир гана,

Алуу эмес берүү үчүн ашыккан.

“Мугалим – туулгандан өлгөнгө чейин, өмүр бою жашоого негиз берген улуу устат. Элине тагдыр негизинде жол көрсөтүп, ахлакты жана жүрүм-турумду оңдогон жана түбөлүктүүлүк түшүнүгүн жеткирген, рухаий тазалык демин ташыган бул жогорку затка теңдеш жер бетинде экинчи жаратылган нерсени көрсөтүү мүмкүн эмес.

Мугалимдин инсанга таасири, эне-атанын жана коомчулуктун таасиринен бир топ эле жогору. Негизинен энени да, атаны да, керек болсо коомду да жуурган – мугалим. Анын алаканынын ичине кирбеген бардык камыр даамсыз жана тузсуз болуп эсептелет.

Мугалимдин колунда кен байлыктар тазаланат, алтынга жана жаркыраган күмүшкө айланат. Ал касиеттүү колдо эң чала жана эң барксыз нерселер алмаз акыбалына келет. Эч бир завод-фабрика ага окшоп ылдам жана анчалык ырааттуулук менен иштей албайт. Маңдайындагы жүздөгөн инсанга бир эле учурда бүткүл ой-сезимдерин жеткирүү жана ошол эле денедеги жанды инсанга айландырууга мугалимден башка эч ким татыктуу боло алган эмес”-деп белгилейт түрк ойчулу М.Ф.Гүлен боордошубуз.

Мына ушундай жогору баага татыган, адамзаттын УЛУУ УСТАТЫ болгон МУГАЛИМДЕРДИН колунан турмуштун даңгыр жолуна түшүп, кең асманына учкан инсандар бүгүн заманыбыздын эң зор таяныч күчтөрүнө, таасирдүү чөйрөлөргө айланып, коомду, мамлекетти алдыга сүрүп, сүрөп барат. Анткени мугалимдер белдүү калем ээлеринин айтканындай,

… Мугалим ким?!

Аз айлыкка тер төккөн,

Чарчабаган, чаалыкпаган эмгектен.

Билинбеген адамзатка жол башчы,

Билим менен бүт дүйнөнү терметкен!..

Мындай улуу, аруу кесипти аркалап, билгенин муундарга берип, өмүрүн арнаган инсандар  жаш балдардын кол тийгис аялуу дүйнөсү, ааламы  менен ар дайым тыгыз карым-катышта болуп, эриш-аркак жүрүп, алардын жан дили, жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, анын акыл-парасат дареметин,  мүмкүнчүлүгүн, психологиялык процесстерин кылдаттык менен изилдеп чыккан инсан – бул МУГАЛИМ.  Ошондуктан мугалимди “адамзаттын экинчи ата-энеси” деп баалабаса керек. Ал эми бала үчүн мугалимдей, мындай “экинчи ата-энедей” эң жакын кеңешчи, сырдаш, жардамчы, камкор адам жок, жан жок. Деген менен, Улуу педагог Сухомлинский айткандай «балдарга жүрөгүн арнаганда» гана – бул мугалим”!

 

“АДАМ ЖАРАТУУ – БАШКЫ МИЛДЕТ”

Бүгүнкү жаңы шарттарда мектептеги тарбия иши кандай? Тарбия процесси кандай жүрүп жатат? Таалим-тарбия берүүчүлөрдүн чордонунда кимдер, кандай тарбиялануучулар, окуучулар, окурмандар кайнап, тарбияланышып жатат? Алардын үй-бүлөлүк тарбиясы, ата-энесинин тарбия берүү денгээли канчалык? Муну менен кыргызча айтканда «иттин да, биттин да» иши калбаган, эзелкилер айткандай «заманаң куурулган» заман болуп калды көрүнөт. Же Кет Бука бабабыз айткандай «Кыз, уланың дүйнө кууп, кырдан качат сак болгун, намыс түгөп, ар түгөп ыйман качат сак болгун!» дегени ыраспы? Акылман улукмандарыбыз олуя Калыгул менен акын Арстанбектин « тоо токол болот, улуу адам пас, пас адам улуу болот, карылардан каада, жаштардан уят-сыйыт кетет» философиясы орундалдыбы?

Кандайдыр бир деңгээлде орундалып да, болуп да жаткандыр. Бирок, эсил кайран СССРдин убагында таалим алып, тарбиялангандар менен бүгүнкү рыноктук экономика шартында илим, билим да, таалим-тарбия да алып жаткандар арасында опол тоодой айырмачылык бар экендиги айдан айкын.

Ал эми азыркы замандын, азыркы доордун муундары карызга белчесинен баткан, казынасы оюлган, бергенинен алганы көп, туурасынан уурусу көп, ийгисинен тузагы көп заманда өзүнүн акыл дареметин өкчөп, сынап жакшы жашоого, жакшы билим алууга, татыктуу инсан, парасаттуу адам болууга умтулуп, жан-алы калбай эмгектенип, тыйындан сом бүтөп, жартыдан бирди курап, жыртыкты жармачтап өзүнүн билим, көндүмдөрү менен оокатын таап (ата-эненин “эркетайларын” кошпогондо), эркин аракет кылып жатышканы да канча, же натуурабы? Айкынында алар эч кимдин көзүн караган жок! Бири-бирине жардам колун созуп, «алдыңкы өнөр, билим аркылуу бакубат дөөлөткө» умтулуп жатышат.

«Өрнөктүү кары жок жерде, өнөрлүү жаш да жок» деп элибиз бекеринен айтпаган чыгар, баарын тегиз, бирдей мактап да, жоктоп да салуу кыйын, дегеним «Адам болгум келет» дегендердин да катары өтө эле көп эмес. Андыктан, ал жагын ар ар кимдин өзүнүн дараметине, билгисине коёлу.

Кеп, таалим-тарбия берүүнүн жараянындагы “таалим-тарбиянын предмети”  болгон “балдар” тууралуу болсун…

Пландоо – уюштуруу, жүргүзүү – координациялоо аркылуу жүргүзүлүп жаткан тарбия жараянындагы өспүрүмдөр азыркы тарбиялоо шарттарын кандай кабыл алууда? Мектепте “макул, макул” деп баш чайкаганы менен сырт чыкканда өз билгенин кылып, азгырыкка учурабай жатабы? Батыштын адам тарбиялоодогу, “адам жаратуудагы” атпай философиясы бизге кандай таасир берүүдө? Баланын чөйрөсү кандай?

Мектептик билим, таалим-тарбия берүү ар бир мектепте ар түрдүүчө усулдар, жолдор, мүмкүнчүлүктөр аркылуу берилет. Ал эми балага, анын жүрүм-турумуна “эң сонун” таасир эткен чөйрө – бул мектептен сырткы чөйрө. Себеби анда бала өзүн эркин, күчтүү сезет. Тактап айтканда “кой дээрге кожосу” болбойт.

Мектеп окуучусумун али… Тарых сабагынан окуткан агайым, класс жетекчим Алимбек Ажыкуловичтин иш кагаздарынын арасында 4 барактын башы бириктирилген саргайып кеткен кагазда андагы ыйман, азыркы адеп сабагынын окуу планына киргизилишинин актуалдуулугу тууралуу макала башында мындай деген ыр саптары бар эле (авторунун ким экендигин билбейм аныгы)

Адамдан ыйман кетти,

Көп угам ушул кепти.

Чыңыртып, чыркыратып,

Чыны бул түпкө жетти.

 

Уул укпай ата кебин,

Кызартып кыз энесин.

Жазганбай “сен!”-деп турат,

Жаңы эле келген келин.

 

Ойлонуп мунун баарын,

Көп ойго кабыламын.

Карабай салгандар бар,

Кадырман карыларын.

 

Кеп эмес курсак тойгон,

Үйүнө байлык толгон.

Адамга ыйман керек

Андыктан ойлон, ойлон!..

 

Мына ушул ыр саптарын окуп отуруп 10-13-кылымдарда жашап өткөн бабабыз Кет Буканын айтканы аргасыз эске келип, анын айткандары  болуп  жатканын да боордон сезип кетесиң киши. Кет Бука мындай дейт,

“Кызыл тоону кыян жууп,

Кырман качат, сак болгун.

Кыз-уланың дүйнө кууп,

Кырдан качат сак болгун.

 

КЕЧЭЭ – БҮГҮН – ЭРТЕҢ

Азыркы ааламдашуу жараянындагы кыргыз кыздарындагы ыйбаалуулук жана нагыз элдик тарбия алган апаларыбыздын ыйманы ат көтөргүс, салыштырылгыс экендиги айдан айкын болуп турат. Дегеним, “кырк үйдөн тыюуда” болуп, эже-жеңелерден нуска алып чоңойгон кыргыз кызынын ыйбаалуулугу, кол тийгис ар намысы жалтыр-жултур жана акча менен өлчөнүп калдыбы, аттиң?! Эң баарыдан мурда “жеңил ойлуулук” деген зээнди кейитип зилдеткен, жүрөк оорутуп, дил кирдеткен “малгун” экен го…

Эзели киндик көрсөтүп көйнөк кийбеген кыздарыбыз такымдап кийип калды батыштын чалма боо кийимдерин. Кыздарын айтайын десең, шымына жайлаган жаш баладай болуп жигиттерибиз дагы аласы тизесине түшкөн шым аттууну кийип эрдемсийт, ата-бабасынан калган таберик сыяктанып.

Бул кийинүү маданияты гана, а башкасычы?.. Батыштын берген порнографиясына, психотроптук каражаттарга, жырткычтыкка, адамгерчиликтин чегинен чыгууга жол көрсөткөн фильмдерине кубанган жаштардын агымын санап бүтө албасак керек. Бирок үмүттүн шооласы үзүлбөйт эмеспи.

Баласынын жүргөн чөйрөсүнө кызыккан ата-эне барбы? Бар болсо канча да, кана?! Азыркы тапта ата-энелер “Тарбиялоо үйдөн башталат, мектептен калыптанат” деген элдин эзелки нуска кебин эске салбай, баарын мугалимдерге щылтап, түртүп жатканы ачык. “Баскандан зериксең, чуркайсың” дегендей, чечекейи чеч болгондо гана күйпөлөктөп келип “балам” деп калмайы күндөн жаркын. А анын (баласынын тарбиясыздыгынын) себеби, түпкү тамыры кайда? Анын түпкү тамыры ата-эненин, баланын өзү жашаган “үйдө”, “үй-бүлөдө”. Анткени балага мектептик таалим тарбия берилип, эң башкысы үй-бүлөлүк тарбия, үй-бүлөлүк маданият берилген эмес. Кандай иш-аракеттерди көрүү керек?..

«XXI кылым – акылмандыктын жана руханий дүйнөнү агартуунун доору» — деп дүйнөгө белгилүү кыргыз окумуштуусу Аскар Акаев бекеринен белгилебегендир. Акылмандуулук  жана жан дүйнөнү руханий азыктандыруу өзгөргүс, маани-маңыз жагынан эч качан төмөн түшпөс дөөлөт. Аны канча система, доор алмашпасын өңүп кеткен жерин уламдан улам жаңылап, бөксө жерин толтуруп туруу ар бир замандаштын, ар бир адам затынын милдети. Антпесе «маңкурт, макулук» болуп калуу көз ирмемдик эле иш. Андыктан тарбиялап жаткан жаш муунга эзелки элдин улуу тарбия сабагынан дейре – мударистер менен олуялардын, устаттар менен акылмандардын биринин эмгегин четке калтырбай, четке какпай, Улуу энциклопедиябыз болгон «Манас» үчилтигин унутта калтырбай ошонун негизинде, эгемендүү  Кыргызстандын улуттук классиктеринин, акын-жазуучуларынын чыгармаларынын, кылым карыткан кыргыз калкынын жана боордош элдердин, башка мамлекеттердин маданияты менен да тааныштырып тарбиялоо заман талабы, шарты.

 

“ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ТАРБИЯНЫН ОЧОГУН,

КАРАБАГАН АТАЛАРДАН КОРКОМУН!..”

 Ошол жогоруда айткан шарт менен талаптын негизинде «Адам» жаратуу» — башкы милдет» — деп жаш муундарга билим, таалим-тарбия берүү жаатында эмгектенип жаткан инсандардын катарын мен да толуктайм. Мамлекетибиздин келечек ээлери татыктуу билимге, мыкты жүрүм-турумга ээ болуп, тандаган кесибинин нагыз адиси, керекке жараган тирек, алдыга сүрөгөн сүрөөн болуп өссө экен деген ниет, максат менен иш аракет жүргүзөм.

Бала тарбиялоодогу аталардын ролу кандай? Аталардын аталык ролу үйдөгү кароолго алмашып калбадыбы?!. Калды!

Мектепке чакыртсаң “ата” келбей, апасы келет баланын. Жигитчилик кылышып кер-мур айтышып калса да уулун жетелеп атасы келбей апасы келет. Курбу кыздары айткан тамаша сөздү  көтөрө албай ыйлактап барса да мектепке апасы келет. Айтор, баарында апа келет, аталардын келгенин көрбөйсүң. Көрсөң да айда, жылда бирди жарым, андан ашык эмес! Жагдай ушундай болуп атса аталарды үйдүн кароолчусу болуп калды дебеске айла барбы?!

Бала тарбиясы менен шугулданбай кайдыгер караган бейгам жанды, кирип-чыгып жүргөн квартирантты элестетет ушундай аталар.

Энелер аман болсун, баарына чыдап, күйүп-бышып, чабалактап жүргөнү жүргөн. Эне тарбиясы эң мыкты. Бирок, балага атанын да мамилеси, атанын да көзөмөлү, атанын да сүрөөнү, сүрү керек. Жигиттер атадан жигитче тарбия албаса балада жат жүрүм-турум, терс ой-пикирлер пайда болушу мүмкүн.

Мектептерде уюштурулуп, өткөрүлгөн бардык иш-чараларга энелер активдүүлүк кылышат да, аталарды сейрек көрөсүң. Ошондуктан, үй-бүлөдө бала тарбиялоого  тарбия саатын бөлбөгөн аталардын жүрөгүн ойготуу, кайдыгерлигин жоюу үчүн, балага “үй-бүлөлүк” тарбия берүүнүн альтернативдүү шарты катары мектептерде тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын, Кыздар кеңешинин төрайымынын, Балдар кеңешинин төрагасынын кураторлугунда ар бир класстын ата-энелер комитетинин төрагаларынын жоопкерчилиги алдындагы “Аталар мектеби”, “Энелер мектеби” клубдарын уюштурууну сунуштайм (мурда мектептерде “Энелер мектеби” деген клуб уюштурулган башталгыч класстардын ата-энелери арасында, бул ал эмес).  Анда өзгөчө мектептердеги “дежур” ата-энелер аркылуу эмес, башка үлгүлүү ата-энелер аркылуу жүргүзүү жакшы натыйжасын берет. Анын алкагында өзгөчө аталардын балага тарбия берүүдөгү ролун жандандыруу кажет. Төмөндө планын сунуштайм.

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып «Кел кесиптеш, таалим-тарбия берип жаткан окуучуларыбызга күндөй жаркып тийип, нурубузду тегиз чачыраталы! Муундардын келечегин ишенип тапшырган ата-энелердин ишеничин актап, бала тарбиясына ата-энелерди активдүү тарталы! «Мугалим – Улуу Устат» деген бийик наамды таза сактайлы!» демекчимин.

 

№2 К. Осмонкулов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби

 “АТАЛАР МЕКТЕБИ” жана “ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” КЛУБУНУН ИШ ПЛАНЫ

 

МАКСАТ, МИЛДЕТТЕРИ:

  1. Педагогикалык лекторияларды уюштуруп, өткөрүү менен ата-энелердин бала тарбиялоодогу ролун күчөтүү
  2. Элдик педагогиканын негизинде ата-энелерге үй-бүлөдөгү өз ара мамилелерди жөнгө салууга көмөк көрсөтүү
  3. Үй-бүлөдө өз ара мамилелешүү. Бала тарбиясындагы ата-эненин ролу.

 

Иш-чараларИштин түрүӨткөрүү мөөнөтүЖооптуулар
1. Кыргызстандын жети Акесинин адеп-ахлактык тарбия насааттары1. Жаман жүрүм-турумдан арылуу жана үлгүлүү жүрүм-турумду калыптандырууга умтулуу

2.Жети Акенин адеп-ахлактык тарбиялык насааттарындагы жүрүм-турум нускалары

3. Өспүрүмдөрдүн коомдук турмушка активдүү катышуусу  жана өзүнүн кыймыл-аракетине болгон жоопкерчилиги

2.“Аталар жана алардын балдары”: үй-бүлөдөгү сыйлоо жана жазалоо. (ата уулу: атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул)1. Үй-бүлөдөгү өз ара карым-катнашты аныктоо

2. Үй-бүлөдөгү жазалоо жана сыйлоого карата кеңештер жана сунуштар.

3.“Кантип бактылуу болуу керек?”1. “Биздин үйдө” ток-шоу өткөрүү
4.“Заманбап адамдын портрети”1. Заманбап адамдын сырткы көрүнүшү боюнча аңгемелешүү ( өспүрүмдөрдүн жашоо өзгөчөлүктөрү тууралуу)
5.Азыркы үй-бүлөдөгү ата менен эненин ролу1. Кыргыз элиндеги улууларга карата жасалган мамиле

2. Үй-бүлө башчысынын ролу

6. Үй-бүлөдөгү пикир келишпестик: ага кантип жол бербөө керек?1. Ата-энелер менен тренинг өткөрүү

2. Үй-бүлөдөгү татаал мамселелер боюнча талкуу

7.Инсан жана анын руханий өнүгүшү, калыптанышы1. Тукум куучулуктун инсандык калыптанууга  таасири

2. Өзүн-өзү тарбиялоо жөнүндө

8.Уул-кызга кеңеш1. «Ой гүлдөрү” китебин окуп чыгып талкуу жүргүзүү

2. “Ата салты, эне адеби” китебин окуп чыгып, талкуу жүргүзүү

9.Эркектер жана аялзаты1. Аял эркектин өз ара байланыштары жөнүндө

2. Жалгыз бой ата же эне жана алардын  бала тарбиясына тийгизген

10.“Мени түшүн,  ата, мени менен сүйлөшчү апа…”1. Ата-эне менен балдардын өз ара мамилелери жөнүндө

КЛУБ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ:

“Аталар мектеби” клубу — ________/__________(эркек) “Энелер мектеби” клубу -________/ ________(аял)

 

ЖООШБАЕВ НУРБЕК,

№2 К. Осмонкулов атындагы ЖББОМ, тарых мугалими,

Таш-Көмүр шаары, Шамалды-Сай шаарчасы

Бөлүшүү

Комментарийлер