ИЗДЕНҮҮГӨ ЖАНА ИЙГИЛИККЕ ИШЕНИМ АРТТЫРГАН СЫНАК
- 29.04.2026
- 0

Кечээ жакында мен “Мыкты класс жетекчи – 2026” республикалык сынагына катышып, II орунду ээледим. 2026-окуу жылын жыйынтыктап жатып, республикалык ушул конкурска катышуу мен үчүн абдан сыймыктуу 2- орунду тартуулады. Бул сынак мага ушундай таасирлерди калтырды. Ал менин кесибиме болгон сүйүүмдү дагы да арттырып, өзүмө болгон ишенимимди бекемдеди. Ошондой эле класс жетекчинин жоопкерчилиги бир гана окуучунун билим алуусу эмес, анын инсан болуп калыптанышына түздөн-түз таасир этерин дагы бир жолу терең түшүнүүгө жардам берди.
Сынак республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан жыл сайын салттуу түрдө уюштурулуп, быйыл 5-ирет өткөрүлдү. Куттуу окуу жайдын башкы азем залы улуу кесипти аркалаган өлкөнүн эң мыкты мугалимдерине толуп, иш-чара чоң салтанат менен коштолду. Республиканын бардык облустарынан иш-чарага 131 мугалим келип катышты.
Бүгүнкү күндө билим берүү тармагындагы 12 жылдык окутуу системасына өтүү мугалимдер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Бул система мугалимдерге ар бир окуучунун жөндөмүн тереңирээк ачууга, сабактарды жаш өзгөчөлүгүнө жараша натыйжалуу пландаштырууга жана дүйнөлүк билим берүү стандарттарына ылайык иш алып барууга шарт түзөт. Ошондой эле мугалимдерди дайыма изденүүгө, жаңы методикаларды өздөштүрүүгө жана чыгармачылык менен иштөөгө үндөйт.
Сынактын негизги максаты: Республикадагы чыгармачыл жана мыкты класс жетекчилерди аныктоо, алардын тажрыйбасын жайылтуу, мугалимдердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, класс жетекчиликтин маанисин арттыруу жана мектеп менен жогорку окуу жайлардын кызматташтыгын бекемдөө максатында уюштурулган.
Катышуудагы негизги максатым — өзүмдүн класс жетекчилик ишмердүүлүгүмдү талдап, тажрыйбамды кесиптештер менен бөлүшүү, ошондой эле тарбия берүү ишинде колдонуп жаткан усулдарымды өркүндөтүү болду. Ар бир мугалим үчүн мындай сынактар өзүнүн мүмкүнчүлүгүн баалоого, кесиптик өнүгүүгө жана жаңы идеяларды табууга чоң өбөлгө түзөт.
Бул жетишкендик менен катар, өзүмдүн үстүмдөн дагы да көп иштөө керектигин аңдадым. Айрыкча, заманбап санариптик технологияларды тарбиялык иштерге кеңири колдонуу, окуучулардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн терең изилдөө жана ата-эне менен мектептин кызматташуусун жаңы деңгээлге чыгаруу багытында иш алып баруу — алдыдагы негизги максаттарымдын бири.
Мындан ары төмөнкү багыттар боюнча өзүмдүн үстүмдөн иштөөнү максат кылам: тарбиялык иштерге заманбап инновациялык жана санариптик технологияларды кеңири киргизүү; окуучулардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн терең изилдөө; ата-эне, мугалим жана окуучу ортосундагы байланышты күчөтүү; класс жетекчилик ишмердүүлүктө жаңы усулдарды колдонуу аркылуу тарбиянын сапатын жогорулатуу.
“Мыкты класс жетекчи – 2026” сынагындагы II орун — мен үчүн чоң сыймык жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик. Бул жетишкендик мындан аркы эмгегиме дем берип, келечекте дагы да бийик ийгиликтерди жаратууга шыктандырат.
Быйылкы 2025-2026- окуу жылында “Мыкты класс жетекчи-2026” кароо сынагы” Мугалим” илимий педагогикалык журналынын 12 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө”, «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндө Жарлыктарын жана “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын”, “Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын” жүзөгө ашыруу максатында “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту менен биргеликте 2026-жылдын январь-февраль-март айларында мугалимдер арасында республикалык деңгээлде уюштурулган “Мыкты класс жетекчи-2026” онлайн кароо-сынагы 2 этап, 5 багыт менен өткөрүлдү.
Быйылкы жылы жалпысынан конкурска республика боюнча 157 класс жетекчи (мугалим) катышып, 131 конкурсант ат салышты. Сынакка жалпы билим берүүчү орто мектептерде, гимназия-лицейлерде, мектеп-интернаттарда эмгектенип жаткан интеллектуалдык потенциалы бийик, тажрыйбалуу, таланттуу, ар тараптан өздөрүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган мугалимдер, окутуучулар (класс жетекчилер) катышты.
Сынактын жыйынтыгында активдүү катышкандыгым үчүн “Билим берүү мекемелеринде тарбия ишин башкарууда класс жетекчинин усулдук ишин жүргүзүүсү” программасы боюнча 72 сааттык сертификатка ээ болдум. Ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Д.Т. Чонтоевдин Ардак грамотасы, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы тарабынан II даражадагы диплом, “Мыкты класс жетекчи – 2026” наамы, статуэтка, 3000 сом өлчөмүндөгү сыйлык, кесиптик өнүгүүгө арналган 10 китеп, “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалы жана “Мугалим” төш белгиси менен сыйландым.
Бул ийгилигим аймактагы мугалимдердин кесипкөйлүгүн, чыгармачыл изденүүсүн жана билим берүү тармагына кошкон салымымды дагы бир ирет тастыктап, жаш мугалимдер үчүн өрнөк боло алат деп ойлойм.
Гүлзат ӨМҮРАЛИЕВА, Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Арал айылындагы №3 Бейше Үрстөмбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектеби-мекемесинин башталгыч класс мугалими.
Комментарийлер