ИШКЕРДИК  – ЭКОНОМИКАНЫН КЫЙМЫЛДАТКЫЧ КҮЧҮ!

  • 01.10.2018
  • 0

Жалал-Абаддагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте Кыргызстандын ишкерлеринин күнү майрамдык салтанат менен белгиленди.

ИШКЕРДИК  – ЭКОНОМИКАНЫН КЫЙМЫЛДАТКЫЧ КҮЧҮ!

Иш-чарада университеттин студенттик шаарчасында чакан жана орто бизнес продукцияларынын көргөзмөсү, Илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борборунда “Студенттер арасында натыйжалуу ишкердик сапаттарды өнүктүрүү” темасында тегерек стол өтүп, “Ишкердик кече, бүгүн жана эртең” темасында дубал гезиттердин сынагы жана башка иш-чаралар менен коштолду. Мындай иш-чара ЭАУда жыл сайын өткөрүлүп келет жана ал салтка айланып калган. Бул тууралуу окуу жайдын кесиптик багыт берүү жана

коомчулук менен байланыш кызматы кабарлады.

Бөлүшүү

Комментарийлер