ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ОБЪЕКТИЛЕРИН УКУКТУК КОРГОО ЖАНА САКТОО БОЮНЧА ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН КУРС ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 03.11.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан 27-октябрдан 2-ноярга чейин  “Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жана сактоо: теория жана практика” аталышындагы тереңдетилген курсун  өткөрдү.

Окутуу курсуна Кыргыз-Орус славян университетинин жана Кыргыз Республикасынын эл аралык университетинин окутуучулары, кызыктар тараптар, жалпысынан 52 киши катышты. Иш-чара аралыктан  ZOOM Cloud Meetings платформасы аркылуу өткөрүлдү.

Курс интеллектуалдык менчикти коргоо жана ушул чөйрөдө укуктун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы маселелерди өзүнө камтыды. Лектор катары Кыргызпатенттин алдыңкы эксперттери жана юристтери чыгып сүйлөдү.

Лекторлор Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик системасынын негизги аспекттерин презентация кылышып, негизги көңүлдү интеллектуалдык менчик объектилерин каттоону түзүүгө, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоонун ыкмаларына, интеллектуалдык менчик объектилерине болгон укукту өткөрүп берүү маселелерине бурушту.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасындагы инновациялардын өнүгүүсү тууралуу маалымат презентацияланды. Угуулар автордук укук объектилерин жана ЭЭМ үчүн программаларды укуктук коргоого байланыштуу теманын актуалдуулугун белгилешип, “Стартап Кыргызстан” республикалык сынагы тууралуу кызыгышып, кенен маалымат алышты.

Практикалык түрдө өнөр жай менчиги объектилерине, товардык белгилерди каттоого, автордук укук жана чектеш укуктардын объектилерине болгон электрондук өтүнмө берүү процедурасы көрсөтүлдү.

Маалыматтандыруу формасында өткөрүлгөн курста катышуучулар түз эфирде лекторлор менен бирге улуттук жана эл аралык маалымат базаларында  өз алдынча издөө жүргүзүштү.

Курстун аяктаган катышуучулар жыйынтыктоочу тестирлөөдөн өткөрүлүп, Кыргызпатенттин сертификаттарына ээ болушту.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер