ИНДИЯНЫН  МАДАНИЯТЫ, ТАРЫХЫ КАМТЫЛГАН  СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

  • 22.06.2022
  • 0

ОшМУга иш сапары менен келген Индиянын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Раджеш Кумар ректор  Кудайберди Кожобеков  менен жолугушту.

ИНДИЯНЫН  МАДАНИЯТЫ, ТАРЫХЫ КАМТЫЛГАН  СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫЖолугушуунун жүрүшүндө учурда университетте билим алып жаткан  индиялык студенттерге түзүлгөн шарттар боюнча айтып, ITEC алмашуу программасынын алкагында ишке ашып жаткан кызматташтыктарга токтолду. Андан сырткары эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда окутуучуларды, студенттерди академиялык алмашуу, билим берүү программалары аркылуу кызматташуу багыттарында пикир алышты.

Окуу жайдын башкы имаратында уюштурулган “Индия Кыргыз Республикасында – Индиядагы жашоонун жана искусствонун көргөзмөсү” деген аталыштагы Индиянын тарыхы, маданияты, архитектурасына арналган сүрөт көргөзмөнүн ачылышына катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер