ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨДӨГҮ ИЙГИЛИКТЕР
- 20.10.2023
- 0
Окуу жайларында жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы өлкөнүн, анын региондорунун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана студенттерге сабактарды окутуунун методикасын өркүндөтүүгө, профессордук-окутуучулар курамынын квалификациясын жана илимий деўгээлин жогорулатууга багытталат. Анткени окуу жайларындагы илимий изилдөө потенциалын өнүктүрүүнүн даражасы жана деўгээли өз кезегинде анын билим берүү жана илимий чөйрөдөгү кадыр-баркын жана түпкү маанисин аныктайт. Ушундай жагдайды жеткиликтүү калыптандыруу базар мамилелеринин шарттарындагы ар бир жогорку окуу жайындагыдай эле биздин университет үчүн дагы өтө маанилүү.
Айтмакчы, узак мезгилден берки эл аралык бай тажрыйба көрсөткөндөй, мыкты окуу жайы, алгылыктуу университет болуу үчүн анын бир нече өзөктүү көрсөткүчтөрү учур талабына ылайык болушу зарыл. Буларга эў алды менен окутуунун сапаты, илимий изилдөөдөгү ишинин жыйынтыгы, анын заманбапка дал келген материалдык-техникалык жактан камсыздалышы, илимий иштерди жүргүзүүнүн деўгээли, эл аралык байланыштагы карым-катнаштын кеўейиши, жаштарга жеткиликтүү тарбия-таалим берүү иштери кирет. Ушул өўүттөн алганда биздин университетте бир катар кыйла үлгү болгудай ийгиликтер жаралып олтурат.
Университеттин профессордук-окутуучулук курамы чейрек кылымдын ичиндеги көп аракеттин жана инновациялык ыкмалардын негизинде окуу процессинде, ошондой эле илимий изилдөө иштеринде көптөгөн иштер аткарылды. Анын жыйынтыгынын негизинде төмөнкүдөй иштер жүзөгө ашырылды:
► министрликтердин жана ведомостволордун тапшырмасы менен экономика секторлорун өнүктүрүү, финансы системасын, туризм комплексин жакшыртуу сыяктуу олуттуу багыттар боюнча бир катар илимий изидөөлөр жүргүзүлгөн. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өтүнүчүнүн негизинде Кочкор, Түп жана Сузак райондорунун «Социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү” деген тема боюнча 2022-жылы илимий изилдөө жүргүзүлүп, жыйынтыгы аталган райондун ар биринде айыл өкмөттөрүнүн катышуусунда талкуудан өткөрүлүп, жактырылган;
► Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы 2006-жылдын август айында университетке докторлук (кандидаттык) диссертация коргоонун 08.00.05 – эл чарбасынын экономикасы жана башкаруу (докторлук), 08.00.12 – бухгалтердик эсеп, статистика (кандидаттык) адистиктери боюнча өз алдынча кеўеш ачкан. Ошондон бери Окумуштуулар кеўеши республикага, айрым чет мамлекеттерге дагы сапаттуу илимдин докторлорун, кандидаттарын даярдоону үзгүлтүксүз улантып келе жатат. Айтмакчы, учурда биздин университетте экономика илиминин 37 доктору, 90 ашуун кандидаты иштеп жатканы менен дагы сыймыктанабыз;
► илимий теориялык жана практикалык багытты камтыган аталыштагы үч журнал көп жылдан бери чыгарылып келе жатат;
► окуу процессинин жүрүшүнөн жана илимий изилдөө иштеринин жыйынтыгынан топтолгон материалдардын негизинде учурдагы окурмандардын талабына жооп бергидей көлөмдүү көптөгөн окуу китептери, монографиялар чыгарылган;
► кандай университет болсун илимий иштерин ийгиликтүү өнүктүрүүнүн олуттуу бөлүгүн түрдүү жыйындарды өткөрүү, карым-катнашты кеўейтүү ээлейт. Бул жагынан алганда биздин окуу жайдын калыптанган, башкаларга үлгү болгудай бай тажрыйбасы, өз жолу бар. Ушундай экендигин эл аралык, республикалык маанидеги өткөрүлгөн илимий-практикалык конференциялар далилдеп турат. Алардын уўгусун, өзөктүү бөлүгүн басмадан чыгарылган материалдары толук ырастайт.
Чейрек кылымдын ичинде университеттин жамааты улуттук экономиканын учурдагы абалы, келип чыккан көйгөйлөрү жана келечектеги өнүгүүсүнө байланыштуу көптөгөн эл аралык илимий-практикалык конференциялар уюштурулуп, алынган жыйынтыгы Жогорку Кеўешке, Президенттик аппаратка, Өкмөткө сунушталган. Мындай конференциялар Россиянын, Бельгиянын, Кореянын, Франциянын, Германиянын, Түркиянын, Монголиянын, Казакстандын окуу жайлары менен биргеликте өткөрүлүп, ал жактардан мыкты, таанымал окумуштуулар катышып, жыйынтык
чыгарышкан.
Мындай конференциялардын ичинен эки жыйынды өзгөчө белгилөөгө арзыйт. Биринчиси, Корея Республикасынын бир нече мыкты университеттери менен биргеликте 2009-жылы «Улуу Жибек жолундагы өлкөлөрдүн бизнесин жана экономикасын баалоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы. Бул жыйынга бир катар өлкөлөрдөн келген окумуштуулардан тышкары, Кореядан эле 29 илимдин доктору, профессору жигердүү катышып, өз ой толгоолорун ортого салып, баалуу сунуштарын бөлүшкөн. Бир кызыгы бул окумуштуулардын бардыгы, кары-жашы дебей көз айнекчен экен. Бул боюнча сураганыбызда, алар компьютерде жаштайыбыздан көп иштегендин жыйынтыгы деп күлүп жооп берген эле.
Экинчиси болсо Билим берүү жана илим министрлиги, Экономика министрлиги, Өнөр жайчылар жана ишкердик кеўеши менен биздин университет менен биргеликте 2017-жылдын октябрында КЭУнун “Жогорку окуу жай” статусунун 20 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-корреспонденти, экономика илимдеринин доктору, профессор Ш.М.Мусакожоевдин 80 жылдык мааракесине арналган “ЕАЭБдин шарттарындагы ишкердикти өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрү” аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция. Буга бардыгы болуп 250 окумуштуу, ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, окутуучулар, аспиранттар жана докторанттар Кыргызстандан, Россиядан, Улуу Британиядан, Германиядан, Бельгиядан, Чехиядан, Түркиядан, Португалиядан, Литвадан, Корея Республикасынан, Кытайдан, Грузиядан жана Казакстандан келип катышкан. Булардын ичинен Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча коллегиясынын учурдагы мүчөсү (министр), Россия Федерациясынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, ю.и.д., профессор С.Ю.Глазьев, Эл аралык славян илим, билим, искусство жана маданият академиясынын президенти, Эл аралык славян кеўешинин төрагасы, ю.и.д., Россия Федерациясынын илимине эмгек сиўирген ишмер С.Н. Бабурин, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн алдындагы Финансы университетинин проректору, э.и.д., профессор Д.Е.Сорокин мазмундуу докладдарды жасап, жыйындын катышуучуларына ЕАЭБ алкагындагы ишкердикке байланыштуу алгылыктуу иштердин жүрүшүн, ошондой эле келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүнүн алгылыктуу жолдорун баса белгилешкен.
Биздин университеттин Экономика институтунун кызматкерлери учурда Өкмөттүн сунуштамасы боюнча Чүй облусунун Кемин районунда курула турган алты чакан ГЭСтин долбоорлук материалдарын илимий жактан талдоо жүргүзүп жатышат. Мындан тышкары Экономика институтуна республиканын министрликтеринен жана ведомостволорунан, ошондой эле ири компаниялардан учурда экономика багытындагы илимий изилдөө иштери боюнча бир нече олуттуу сунуштар келип түшкөндүгүн белгилей кеткибиз келет.
К.Атышов,
экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиўирген кызматкер
Комментарийлер