ИЛИМ+ОЙЛОП ТАБУУ=ТЕХНИКА

  • 05.02.2025
  • 0

Баткен шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан мектеп окуучуларынын «Илим+ойлоп табуу=техника» илимий-техникалык олимпиадасынын шаардык туру өткөрүлдү.

ИЛИМ+ОЙЛОП ТАБУУ=ТЕХНИКА

Маалыматка ылайык, олимпиада 2 турдан турду: теориялык жана практикалык, анда шаардын мектептеринен   14-17 жана 10-13 жаш курактагы окуучулары  өздөрүнүн изилдөөчүлүк долбоорлору жана ойлоп табуучулук моделдерин жакташты.  Алардын инновациялык долбоорлорун жана моделдерин компетенттүү  “Алтын Түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Баткен облусундагы филиалынын директору Т.Тагайбеков менен калыстар тобу баалашты.

ИЛИМ+ОЙЛОП ТАБУУ=ТЕХНИКА

Жыйынтыгында 1-2-3-орунду камсыз кылган  мектеп командалар шаардык билим берүү бөлүмүнүн дипломдору менен сыйланышты.

ИЛИМ+ОЙЛОП ТАБУУ=ТЕХНИКА

Ж.Бөкөнбаев, А.Имаров — Кызыл- Топу, Баткен облустук жатак-мектеби, С.Айтматов, В.И.Ленин жана Кызыл-Жол орто мектептеринин он окуучусу облустук турга жолдомо алышты.

ИЛИМ+ОЙЛОП ТАБУУ=ТЕХНИКА

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер