ИЛИМ ДЫЙКАНЫ, ИШТИКТҮҮ ЛИДЕР

  • 13.02.2023
  • 0

Азыркы кезде чоӊ ийгиликтерге жетип жаткан профессор Мурат Абдиев жөнүндө сөз кылуунун удулу келип турат.

ИЛИМ ДЫЙКАНЫ, ИШТИКТҮҮ ЛИДЕР

Мен Мурат Журатовичти адис жана мыкты инсан катары тааныйм. Ал кайдыгер болбостон, илим-билим менен алдыга өнүгөлү деп дайыма аракеттенип жүрөт. Баштаган ишин аягына чыгармайынча тынчыбаган өжөрдүгү бар. Билгенин аянбастан бөлүшөт. Уюштуруучулук жөндөмү да мыкты. Кандай маселе болсо да кесиптештеринин пикири менен эсептешип, эӊ алгылыктуу чечимди таба билет.

Мурат Жалал-Абад Коммерциялык институтуна “Бухгалтердик эсеп жана аудит” адистигине артыкчылык диплому менен 1999-жылы аяктаган. Эмгек жолун Ош технологиялык университетинен баштап, “Бухгалтердик эсеп жана аудит” кафедрасынын кабинет башчысы, ага окутуучу, доцент, декандын орун басары кызматтарында иштеген.

2011-жылы ОшТУда «Рыноктук экономика шартындагы жашылча-жемиш өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу (Ош облусунун материалдарынын негизинде)» деген темада кандидаттык диссертациясын  ийгиликтүү коргогон.

2012-жылы ОшТУнун Окумуштуулар кеӊешмесинде доцент кызматына конкурстан утуп чыккан. 2020-жылдан бери профессордун милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келүүдө. ОшТУнун Экономика жана башкаруу факультетинин методикалык комиссиясынын төрагасы, ОшТУнун Усулдук кенешинин мүчөсү болуп иштеген.

2017-жылы Казакстандагы Аймактык менеджмент академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

Республикалык, аймактык жана эл аралык (Казакстан, Россия, Өзбекстан, Түркия, Малайзия) илимий-практикалык конференцияларга катышкан. Өзбекстандын Фергана Политехникалык институтунда, Намангандагы Инженердик-технология, Наманган Инженердик курулуш институттарында чакырылган чет өлкөлүк профессор катары лекция окуп келет.

2020-жылы Бишкек шааарында «Экономикалык интеграция шартында КРнын тамак-аш өнөр жайынын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу» деген темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Учурда 2 докторанттын, 11 аспиранттын диссертацияларына илимий жетекчи.

Кыргызпатенттен 18 окуу-методикалык жана илимий эмгектерине автордук күбөлүк алган. 180 илимий жана методикалык эмгектери, анын ичинде 7 монография, 136 илимий макалалар жана 37 окуу-методикалык басылмалары (анын ичинен 8 окуу куралдары жана китептери Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен) басылып чыккан. Жергиликтүү жана республикалык гезиттерде экономика жана билим берүү маселелери боюнча 10дон ашуун макалалары жарыяланган.

Учурда ОшТУнун Окумуштуулар кенешинин, Илимий-техникалык кенешинин жана ЭБФнын Окумуштуулар кенешинин мүчөсү; КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын эксперттик кенешинин мүчөсү; Белгород мамлекеттик университетинин Эл аралык интеграция жана чек ара кызматташтыгы мектебинин эксперти; КР Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча бөлүмүнүн эксперти; Ош шаардык мэриясынын Илим жана долбоорлорду колдоо боюнча комиссиясынын мүчөсү.

USAID, PRACMA, CARANA, KACES, Ednet, Teach-Ex ж.б. эл аралык уюмдардын ар түрдүү семинарларына, билим берүү жана окуу-тренинг программаларына катышып, кесиптик өсүшү тууралуу тиешелүү сертификаттарды алган.

ОшТУнун ар кайсы жылдардагы ардак грамоталары, ыраазылык каттары, БИМ жана башка бир катар министрликтердин, мамлекеттик кызматтардын, КР Акыйкатчысынын, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Ош шаардык мэриясынын, шаардык кеӊешинин ардак грамоталары, КР Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясынын жана Республикалык “Кыргыз тили” коомунун төш белгилери менен сыйланган. ОшТУнун эӊ мыкты илимий эмгек, эн мыкты окуу-методикалык колдонмо боюнча конкурстарынын жеӊүүчүсү.

Үлгүлүү үй-бүлөнүн башы, төрт уул, бир кыздын атасы.

Мурат Журатович эл аралык стандартта изилдөө жүргүзүү керек деп, өзүнүн кесипчилик квалификациясын дайыма өнүктүрүп, ошол эле учурда башка кесиптештерге билгенин бөлүшүп, изилдөө усулдары, илимий макала жазуу жана башка керектүү темаларда методикалык семинар өтүп жүрөт. Региондогу башка өлкөлөрдүн илимпоздору менен тыгыз байланышып, кошуна мамлекеттердин алдыӊкы окуу жайларында конок лекция окуйт.

Дүйшөн Шаматов, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору, PhD доктор, билим берүүнүн мыктысы

***

Профессор Мурат Абдиевдин келечектеги пландарынан:

  • бухгалтердик эсеп боюнча заманбап үлгүдөгү компьютерлери бар жеке окуу борборун ачуу;
  • экономикалык субъекттердин финансылык-чарбалык ишмердигин текшерип, сертификат ыйгаруучу жеке аудитордук фирма ачуу;
  • өзүнүн илимий мектебин негиздөө;
  • бухгалтердик эсеп боюнча КМШ өлкөлөрүндө колдонулгудай мыкты окуу китеп жазуу;
  • өлкөбүздүн, аймактардын өнүгүүсү үчүн илимий долбоорлор менен иштөө;
  • түштүк аймагында кесиптештер менен биргеликте экономика боюнча атайын илимий журналды биргеликте ачуу жана аны импакт фактору жогору кадыр-барктуу журналга айландыруу.

 

 

Замандаштары, кесиптештери эмне дейт?

 

Классташым Мурат Журатовичти эстегенде дароо “Кумурскадай мээнеткеч адам” деген оюма келет. Бир карасаң Бишкекте, бир карасаң Ошто, Жалал-Абадда, Өзбекстанда, башка окуу жайларда конок лекцияда, семинарда, илимпоздор, коомдук ишмерлер менен жолугушуп, спорт аянтчаларында жүргөн болот. Мунун баарына кантип жетишет өзүмчө таң калам.

Кыргызстандын билим берүү жана илим изилдөө тармагына ат көтөргүс эмгектерди жасап жатат. Педагогикалык жана илимий иштериңде мындан да бийиктиктерди багындырарыңа ишенем! Биз классташ досубуз менен сыймыктанабыз!

 

Эралы Арынбаев, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Электрондук башкаруу, мобилдүүлүк жана чет өлкөлүк студенттер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы

 

***

Башка окумуштуулардан айырмаланып, дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнө карай жаӊыча ой жүгүрткөн Мурат Абдиевдин илимий жыйынтыктары жана практикалык сунуштары экономиканы трансформациялоо мезгилинде, айрыкча өлкөбүздүн түштүк облустарында кеӊири колдонууга ээ болду. Анын доктордук диссертациясындагы сунуштар бүгүнкү күндөгү эн орчундуу маселелерден болуп калды. Себеби айыл чарбасын жана кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү менен өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык жактан өсүүсүнө шарт түзүлөт.

 

Жумабек Жаилов, э. и. д., профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, КР УИАнын Ж.Алышбаева атындагы Экономика институтунун башкы илимий кызматкери

 

ИЛИМ ДЫЙКАНЫ, ИШТИКТҮҮ ЛИДЕР

***

Мурат Абдиев жаӊы жыл алдында Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары, изденүүчүлөрү үчүн “ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын агрардык секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу“ деген темада конок лекция өтүп берди. Анын басмадан чыгарган окуу китептери, монографиялары  окуу жайыбыздын окутуучулары жана студенттери тарабынан кеӊири колдонулуп келүүдө.

Мындан ары дагы Мурат Журатович менен окуу жайыбыз кызматташууну улантмакчы. Бир катар илимий долбоорлорду чогуу ишке ашырабыз. Биздин изденүүчүлөрдүн диссертациялык иштерине илимий жетекчилик кылат деп күтөбүз.

 

           Сатыбалды Омурзаков, К.Ш.Токтомаматов атындагы

Эл аралык университеттин ректору, э. и. д., профессор

 

***

1999-жылы биз 1-курска киргенде Мурат агай да окутуучулук ишмердигин баштаган.  Ал теория менен практиканы айкалыштырууга басым жасап, окутуунун  жаңы  технологияларын  ийкемдүү колдонот. Сабакты кылдат пландап, абдан кызыктуу, таасирдүү өткөрөт. Айрыкча кѳйгѳйлүү кырдаалдарды талдап, туура чечүү жолдорун жакшы үйрѳтѳт.

 

Чыныбек Тойчиев, «РСК Банк» ААК Ош филиалынын директору

 

Благодаря Мурату Журатовичу мы наладили связи с вузами Кыргызстана. Он читает гостевые лекции наших магистрантам, по его инициативе наш вуз составил договор о сотрудничество со многими вузами Кыргызстана.

Мы рады сотрудничать с такими молодыми креативными учеными как профессор Мурат Журатович!

 

Илимдоржон Жахонгиров, д. э. н., профессор, проректор по международному сотрудничеству Ферганского Политехнического института (Узбекистан)

Ибрахим Исманов, д. э. н., профессор, заведующий кафедрой бухгалтерского учета и аудита названного вуза

 

***

Профессор Мурат Абдиев с 2022 года является экспертом ежегодного Международного конкурса научно-исследовательских работ молодых ученых и студентов «Экономическая безопасность глазами молодежи: мировой и российский опыт», проходящего в рамках Евразийского экономического форума молодежи в г. Екатеринбурге (Россия).

Высокий профессионализм и коммуникабельность Мурата Журатовича способствовали развитию и укреплению долгосрочного международного сотрудничества между Ошским технологическим университетом и Уральским государственным экономическим университетом.

 

Татьяна Лукашенок, доцент кафедры региональной, муниципальной экономики и управления, член совета молодых ученых ФГБОУ ВО «Уральский государственный экономический университет«

 

***

Мурат агай илимий жетекчи катары менин кесиптик өсүшүмө чоӊ таасир этип, теориялык, методологиялык жана практикалык өӊүттөр боюнча абдан маанилүү кеӊештерин берип турду. Анын бир өзгөчөлүгү – көбүнчө ишкана, мекемелер менен тыгыз иштөөнү талап кылат.

Эмгекчилдиги, өжөрдүгү менен шакирттерине мыкты үлгү болуп келет.

 

Фатима Парпиева, э. и. к., ОшТУнун “Экономика жана финансы” кафедрасынын доценти

 

***

Мурат досумду адамгерчилиги жогору, интеллекти бийик, ыймандуу инсан катары билем. Ал турмуштун оош-кыйышында, илимдин татаал жолунда өжөрлүгү менен чоӊ ийгиликтерге жетишип келет. Башка улуттардын өкүлдөрү менен чын ыкластан достошо билгендиги да сейрек кезигүүчү сапат. Мураттын замандашы, досу болгонума сыймыктанам.

 

Жыргал Сулайманов, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

 

Сүрөттөрдө:

  1. Доктордук диссертацияны жактаган күнү КЭУга Акылбек Жапаров да келген эле.
  2. Устаты Ж. Жаилов жана кесиптеши С. Омурзаков менен
Бөлүшүү

Комментарийлер