ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНАТЫ ӨТҮҮДӨ

  • 11.01.2024
  • 0

ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНАТЫ ӨТҮҮДӨ

2024-жылкы грек-рим күрөшү боюнча  Кыргызстандын чемпионатынын биринчи күнүндө 100дөн ашуун балбан күч сынашты.

Турнир 10-11-январь күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда  курч мүнөздө атаандаштык менен өтүп жатат.

Чемпионаттын биринчи күнү  5 комплект медаль ойнотулду. Айыгышкан атаандаштык менен өткөн таймашууларда Улан Муратбек уулу (55 кг чейин), Дастан Кадыров (63 кг чейин), Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин),

Бекзат Орункул уулу (82 кг чейин),  жана Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) Кыргызстандын чемпиондору болушту.

Бардык 5 салмак категориясы боюнча  атаандашуулар курч мүнөздө болду.  Бул күнү 97 килограмм салмак гана олимпиадалык категория болгондуктан өлкө чемпионатынын жеңүүчүсү Үзүр Жусупбеков апрель айында Бишкекте өтүүчү Париж олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу Азия континентинин лицензиялык  турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алды. Бул салмакта Акжол Махмудовдун агасы Бексултан Махмудов экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.

11-январда калган 5 салмак: 60,67, 77, 87, 130 килограмм боюнча өлкө чемпиондугу үчүн күч сынашуулар болмокчу. Бул 5 салмак олимпиадалык категорияга киргендиктен таймашуулар курч мүнөздө өтчүдөй.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы

Бөлүшүү

Комментарийлер