САБАК ГИМН МЕНЕН БАШТАЛАТ
- 13.09.2022
- 0
Академик Аман Мамытов атындагы мектеп-гимназияда Кыргыз Республикасынын Гимнин жалпы мугалимдер жамааты жана 1-11- класстардын окуучулары эртең менен сабактын башталышына 15 минута калганда тизилип ырдап, анан сабактарга кире башташты.
— Мындан ары ар жуманын башында ушундай тартипте ырдап, жуманын аягында ырдап туруу бардык мектептерде болмокчу. Мындай иш-аракет окуучулардын Гимнди өз деңгээлине жеткирип, туура ырдоо менен бирге Мекенин сүйүүгө, патриоттуулукка, мекенчилдикке тарбиялайт деп айта алам, — дейт Тамара Усупжанова.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер