ГАПЫР АГАЙДЫН ГИМНАЗИЯСЫНА КИМ ТЕҢЕЛЕТ?

  • 09.08.2020
  • 0

Атактуу мугалим Гапыр Мадаминовдун чакан гимназиясы сөз жүзүндө да, иш жүзүндө да билим берүүдөгү Ийгилик мектебине айланды.

ГАПЫР АГАЙДЫН ГИМНАЗИЯСЫНА КИМ ТЕҢЕЛЕТ?

Быйылкы ЖРТнын жыйынтыгы менен Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын 11-классынын окуучусу Азамат Бекбаев Президенттин колунан «Алтын сертификат» алып, ата-энесин, окуткан мугалимдерин кубанычка бөлөсө, дагы бир сыймыктанар жаңылык — гимназиядагы 23 бүтүрүүчүнүн баары өлкөбүздүн эң алдыңкы ЖОЖдоруна бюджеттик орундарга өтүштү.

Бул албетте зор жеңиш!

ГАПЫР АГАЙДЫН ГИМНАЗИЯСЫНА КИМ ТЕҢЕЛЕТ?

Биздеги маалыматка караганда, 10 бүтүрүүчү «Манас» университетине, төртөө Улуттук университетке, үчөө КММАга, экөө Раззаков атындагы техникалык университетке, булардан сырткары БААУга, Авиация институтуна, Скрябин атындагы айыл чарба университетине бирден абитуриент студенттикке катталды.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер