ГҮЛНУР ДЖАЙНАКОВА БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 27.01.2022
  • 0

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы тескемеси менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары болуп Джайнакова Гүлнур Бердибаевна дайындалган.

Жалпы маалымат:

Туулган күнү: 1970-жылдын 14-марты

Туулган жери: Бишкек шаары

Билими:

2011 — 2013-жж. – К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, «Менеджмент» адистиги, даражасы – магистр.

2004 – 2008-жж. – К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, «Экономист» квалификациясы, «Ишкананы башкаруунун экономикасы» адистиги.

1990 — 1995 – К. И. Скрябин атындагы Агрардык академия, «Агрономия» адистиги.

Илимий даражасы:

2021-жылы – айыл чарба илимдеринин кандидаты.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2022-жылдын 19-январынан баштап – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, министрдин орун басары.

2021-жылдын ноябры – 2022-жылдын январы – “Ала-Тоо” эл аралык университети, билим берүү жана сапатты башкаруу башкармалыгынын мүдүрү.

2018-жылдын августу – 2021-жылдын октябры – “Ала-Тоо” эл аралык университети, орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн директору.

2016-жылдын октябры – 2018-жылдын августу – “Ала-Тоо” эл аралык университети, окуу башкармалыгынын башкы адиси.

2015-жылдын ноябры – 2016-жылдын июлу – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгы, адис.

2011-жылдын сентябры – 2015-жылдын ноябры – К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Техникалык-экономикалык колледжи, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары.

2010-жылдын сентябры – 2011-жылдын августу – Экономика жана бизнес колледжи, директор.

1997 — 2010-жж. – К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, методист.

Бөлүшүү

Комментарийлер