ГҮЛМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: “ЖАШ МУГАЛИМДЕРГЕ ИШЕНИМ ЗОР”

  • 05.09.2018
  • 0

Жаңы окуу жылынын башында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жаш мугалимдери менен жолугушту. Анда министр быйыл жогорку окуу жайын бүтүп, алгачкы жолу мугалимдик кесипке киришип жаткан жаш адистерди биринчи жаңы окуу жылы менен куттуктап, алардын иштерине ийгилик каалап, 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында билим берүү системасында жасалып жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

ГҮЛМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: “ЖАШ МУГАЛИМДЕРГЕ ИШЕНИМ ЗОР”

Министр өз сөзүндө билим берүү системасынын негизги милдети — сапаттуу билим берүү экендигин баса белгилеп, дал ушул сапатка таасирин тийгизген бир нече факторлорду санап өттү. Алардын биринчиси — мугалимдердин кесиптик чеберчилиги. Экинчиси – мектептерде түзүлгөн шарттар болсо, үчүнчүсү — билим берүүнүн мазмуну, тактап айтканда,  билим берүүнүн стандарттары, окуу программалары, окуу китептери.

  • Бүгүн мен силерге ушул үч факторду баса белгилеп кетким келет. Өзгөчө басымды биринчи факторго коюшубуз керек. Себеби азыр көптөгөн жаңы типтеги мектептер курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылып, окуучуларга да, мугалимдерге да жакшы шарттар түзүлүп жатат. Ошого жараша ар бир педагог чыгармачылык менен иштеп, дайыма окуп, үйрөнүп, изденип, өзүн заманбап мугалим катары көрсөтө алышы керек. Биз акырындап баарына бирдей укук, бирдей мүмкүнчүлүк принцибине өтөбүз. Анда Кыргызстандын кайсы аймагында болбосун бардык мектептерде Бишкектегидей шарт түзүлөт. Мугалимдер дагы ошого даяр болушу керек. Болбосо биз кандай гана реформаларды жасабайлык, кандай гана заманбап мектептерди куруп, ичин техникалык каражаттар менен толтуруп койбойлук, мугалимдердин билими терең, кесиптик чеберчилиги жогору болмоюнча андан натыйжа чыкпайт. Андыктан биз сиздерди өз ишин мыкты билген, сапаттуу билим бере алган жана өз кесибин сүйгөн жаштардан болот деп ишенебиз. Себеби силер эң жакшы жана эң кызыктуу, кадыр-барктуу кесипти тандап алдыңыздар. Эң негизгиси силердин тандап алган кесибиңерден көңүлүңөр калбай жана силерди чыдамсыздык менен күтүп жаткан окуучулардын көңүлүн калтырбай иштейт деп ойлойбуз. Учурда мамлекет тарабынан алдыга коюлуп жаткан максаттарды ишке ашырууда силер зор күч болуп бересиңер, биз силерге ишенебиз, — деген Г.Кудайбердиева жаш адистерди өз ишине жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Министр республиканын ар бир районунда Бүткүл дүйнөлүк банктын (60 мектеп) жана  Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун (30 мектеп) алкагында түзүлгөн инновациялык мектептер тууралуу айтып жатып, бул мектептер  жаш педагогдорго окутуунун жаңы ыкмаларын ишке ашыруу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана маалымат системаларын пайдалануу үчүн эксперименталдык аянтча болуп бере тургандыгын жана ушул мектептердин базасында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлө тургандыгын баса белгиледи.

Иш-чарада Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Назира Дюшеева менен министрликтин Маалымат менен камсыздоо секторунун башкы адиси Марлен Алишев жаш мугалимдерге кесиптик чеберчиликти жогорулатуу, билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы тууралуу маалымат беришти.

 

Жаш мугалимдин депозити шаардык жаш мугалимдерди колдойт

ГҮЛМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: “ЖАШ МУГАЛИМДЕРГЕ ИШЕНИМ ЗОР”

Иш-чарада борбор калаадагы мектептерде иштей турган жаш адистерди колдоо боюнча маалымат берген Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова кесиптештерин сөзсүз түрдө Жаш мугалимдин депозити программасына катышууга чакырды. Себеби бул программа 2010-жылдан бери шаардык жаш мугалимдерге стимул болуп, материалдык жактан чоң колдоо көрсөтүп келет. Программага быйыл жүз жаш мугалимдин катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Талап боюнча программага катышууну каалаган адис үч турдан турган сынактан өтүшү керек. Андан кийин үч жыл бир мектепте үзгүлтүксүз иштеп берип, соңунда 90 миң сомго жакын акча каражатын ала алат. Былтыр бул программага 68 мугалим катышкан. Жеңүүчү болгон мугалимге банктан атайын эсеп ачылып, биринчи жылы ай сайын эки миң сомдон, экинчи жылы 2500 сомдон, үчүнчү жылы 3000 сомдон түшүп турат.

  • Андан сырткары шаардык мугалимдер үчүн Жаш мугалимдин мектеби иштейт. Бул мектепте ар бир предмет боюнча семинар, тренингдер өткөрүлүп, жаш мугалимдерге билим берүүнүн сырлары, методикалары тууралуу дайыма маалымат берилип турат. Бул дагы жаш мугалимдерге бир топ жардам берет. Негизи изденип иштөө ар бир мугалимдин өзүнөн гана көз каранды. Азыр ушул жерде отурган ар бириңер мугалимдик кесипти өз каалооңор менен тандап келди деп ишенем. Себеби андай болбосо бүгүн силер бул жакта отурбайт элеңер. Биздин учурда дагы көпчүлүк жаштар эсепчи, юрист сыяктуу кесиптерди тандашчу. Бирок мен дагы силерге окшоп мугалимдик кесипти тандагам. Окууну бүтүп, бир жыл иштегенден кийин мектепти, окуучуларды сүйүп калдым. Силер дагы мага окшоп кесибиңерди сүйүп, өз ишиңерге берилип иштеп кетээриңерге толук ишенем. Мен силерге мугалимдик абдан кызыктуу кесип деп айта алам. Анткени силер балдар менен иштейсиңер. Силердин жүздөгөн окуучуларыңар болот. Мен араңардан келечектеги мыкты жетекчилерди көргүм келет. Себеби силерде мүмкүнчүлүк дагы, убакыт дагы, шарт дагы бар. Демек, биздин  инновациялык мектептер дал силердей болгон активдүү жаштарды  күтүп жатат, — деди өз сөзүндө С.Мейрманова.

  Ишенимди актайбыз!

Жолугушууга келген жаш адистер бир ооздон жетекчилик жана коомчулук, ата-энелер, окуучулар арткан ишенимди толук актай тургандыгын айтышып, жаңы окуу жылынын биринчи күнүнөн тарта активдүү иштеп, окуучулардын сүйүктүү мугалими, мектептин жана эмгек жамааттын эң алдыңкы, ишенимдүү кадрларынан боло тургандарын баса белгилешти.

И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтун быйыл бүтүрүп, борбор калаадагы №26 гимназияга кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп кирип жаткан Ажибекова Жанара тажрыйбалуу мугалимдер менен теңтайлаша иштейм деп турган кези. Себеби Жанара өзүнүн күчүнө ишенет жана окуу жайда окуп жүргөндө практика учурунда эң күчтүү мектептерге барып, жеткиликтүү  тажрыйба топтоп алган.

  • Мага баары эле дароо гимназиядан иштегенден коркпой элесиңби дешет. Мен коркпойм, тескерисинче болгон күчүмдү жумшап, алдыңкы мугалимдердин катарын толуктаганга аракет кылам. Азыр мага башталгыч класстарды берип жатышат. Бирок мен практика учурунда 6-8-класстарга дагы сабак өтүп көнгөм. Чындыгында балдар менен иштешүү кыйын, ошондуктан мен ушул кесипти тандап алдым. Негизи мугалимдикке аргасыздан барбаш керек. Анда бул кесиптин кадыр-баркын кетирип коюшубуз мүмкүн. Мен болсо өзүм бала кезимден бул кесипти сүйүп, өзүм тандап алдым, мугалим болуу мен үчүн өтө баалуу, — дейт Жанара.

Ушул күнгө чейин Ысык-Ата районундагы Иса Байбеков атындагы толук эмес орто мектебинде дене тарбия сабагынын мугалими жок болгон. Мектептин жетекчилигинин сунушу менен Орозбеков Атай ушул мектепке дене тарбия сабагынын мугалими болуп кирди. Ал КМТУнун тоо инженери адистигин былтыр бүткөн. Бирок Атай маянасы көп жумушту тандабастан, мугалимдикти тандап, өзү окуган мектебине кызмат кылам, окуучулардын ден соолугун чыңдайм деген аруу тилек менен ишин баштоодо.

  • Өзүм окуган мектепке мугалим болуп баруу мен үчүн абдан чоң сыймык болуп жатат. Былтыр мектеп директору сунуш кылганда иштеп көрөйүн деп киргем. Эми минтип чыга албай калдым. Мага мугалим болуу абдан жакты. Эми кесибимди алмаштырып, кайра даярдоодон өтөйүн, курстардан окуюн деп жатам. Мугалимдин жумушу канчалык оор болсо, кайра ошончолук кызык, ошончолук жоопкерчиликтүү экен. Мен чынында акча үчүн эмес, балдардын келечеги үчүн иштейм. Себеби менин эле айылдаш бөбөктөрүмдүн ден соолугунун чың болушун каалайм, — дейт Атай.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер