ФУТБОЛДОН КЫРГЫЗСТАН АЗИЯ КУБОГУНА КАТЫШАТ

  • 10.01.2024
  • 0

ФУТБОЛДОН КЫРГЫЗСТАН АЗИЯ КУБОГУНА КАТЫШАТ

Кыргызстандын футбол курама командасы Азия Кубогу-2024 мелдештерине катышуу үчүн  Катардын Доха шаарында машыгууларын өткөрүүдө.  Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинин президенти Медер Сыдыков кабарлады. Кыргызстандын тандалма командасы ушуну менен экинчи ирет Азия Кубогуна катышмакчы. Өлкөнүн футбол  боюнча  башкы машыктыруучу Штефан Таркович Катарга жаңыланган, жаш команданы алып барары белгилүү болгон. Курамдын лидери деген бир нече оюнчу, анын ичинде Алимардон Шүкүров жараатынан улам мелдешке катыша албасы айтылган.

Мелдештерди утурлай команда алгач Ысык-Көлдө машыгып, 19-декабрдан бери Бириккен Араб Эмираттарында  бир нече текшерүүчү  оюндарды, жолдоштук беттешүүлөрдү өткөргөн.

Катар өлкөсүндө 12-январдан 10-февралга чейин өтчү Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө 24 команда тандалып, төрттөн алты тайпага бөлүнгөн. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Кыргызстандык футболчулар “F” тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курама командалары менен беттешет.

“Ак шумкарлар” атыккан Кыргызстан командасы жаңыдан башкы машыктыруучу болгон Штефан Тарковичтин жетекчилиги астында оюнга чыгат.

Кыргыз футбол союзу  Доха шаарында намыс талашчу спортчулардын тизмесин жарыялаган эле.

Алар: дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсел Исламкулов, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков;

коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Християн Браузман, Айзар Акматов, Бактыяр Дүйшөбеков, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Александр Мищенко, Амантур Шамурзаев;

жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов, Адиль Кадыржанов, Кай Мерк, Бекназ Алмазбеков, Кими Мерк, Гүлжигит Алыкулов, Нурдөөлөт Сталбеков, Атай Жумашев, Фархат Мусабеков Фархат, Азим Азаров;

Улуттук команда биринчи беттешине 16-январда чыгат.

УТРК Спорт телеканалы Азия кубогундагы оюндарын түз эфирде көрсөтөт. Бул туурасында Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев билдирди.

Улуттук телерадио корпорациясынын карамагындагы Спорттук канал оюндардын баарын көрсөтүүнү убадалады. Турнир 12-январда башталат. Мындан сырткары, эфирлер сайтында жана телеканалдын тиркемесинде да жеткиликтүү болот.

Оюндардын жабыдалы (Бишкек убактысы боюнча)

16-январда  Таиланд — Кыргызстан командаларынын беттешүүлөрү 20:30да Абдулла бин Халиф атындагы стадиондо өтөт.

21-январда Кыргызстан — Сауд Арабиясы, 23:30да Ахмад бин Али атындагы стадиондо күч сынашат.

25-январда Кыргызстан — Оман командаларынын оюну 21:00дө Абдулла бин Халиф атындагы стадиондо болот.

Кыргызстандын футболчулары Азия кубогуна экинчи ирет катары менен катышууда. Буга кошумча, быйыл 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатына жолдомо алуу үчүн күч сынашат.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы

Бөлүшүү

Комментарийлер