ЭЖЕЙ-АГАЙГА ТААЗИМ!

  • 15.04.2020
  • 0

Кара-Көл шаарындагы Ч. Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүүчү инновациялык мектебинин 10″а» классынын окуучулары кыйын кезеңде аралыктан билим берип жаткан мугалимдерине ыраазылык билдиришти.

Видео кайрылууда алар президент баш болуп, нечендеген кесип ээлери эң алгачкы билимди эң жөнөкөй мугалимден алаарын, мугалим кесиптердин төрөсү, улуусу экенин, таза дили менен ата-энеге окшошоорун айтышса, жүрөктөн чыккан ыр саптарында:

«Аруу тилек балага,

«Агай!, эжей!» дедирген,

Билбегенин билгизип,

Билим балын жедирген,

Мактоо сага, мугалим!» деп кайрылышканына күбө болдук.

Угушубузча, учурда энергетиктер шаарчасындагы бардык окуучулар ушинтип, эжей-агайларын кубантып жатышыптыр. Эмне дейбиз? Ушундай ак пейил балдар-кыздар өлкөбүздө көп болсун!
А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер