ЭСКЕРҮҮ КОҢГУРОО: ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫ

  • 27.01.2018
  • 0

Өлкөнүн борборунда Ленинград шаарынын (азыркы Санкт-Петербург) фашисттердин блокадасынан бошотулгандыгынын 74 жылдыгына арналган “Эскерүү коңгуроосу” аталган иш-чара өтүүдө. Кыргызстанда Ленинград блокадасынын кыргыз коому уюшулган. Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков коомдун төрайымы Анна Кутанова жана Шамил Мухамеджанов менен жолугушту. Эл-жерди, сүйүүгө тарбиялоодо мындай оор күндөрдү басып өткөн аталардын, апалардын эрдиги ар дайым үлгү болорун Президент белгилесе, блокада катышуучулары оор күндөр таржымалын эскеришти.

Ленинград блокадасы 1944-жылдын 27-январында алынып салынган. Тарыхтын азап-тозоктуу ал мезгили 872 күнгө созулуп, 1,5 млн. адамдын өмүрүн алгандыгы маалым. 872 күн душманлын курчоосунда калган ленинграддыктар согуштун гана эмес, сууктун, ачкалыктын да азабын тартып турган. Ал күндөрү ачкадан 600дөн ашык адам каза болгон. Биринчи кышта курчоодогу ленинграддыктар үй жаныбарларынын баарын, анын ичинде мышыктарды да жеп түгөтүшкөн. Бекеринен Ленинградда мышык жаныбарга эстелик тургузулган эмес. Мышык кырылып калгандан кийин шаарды келемиштер каптаган. Согуш аяктап калганда бул жакка Омск, Тюмень, Иркутскиден 500дөй мышык алынып келинген.

Кыргызстандыктар да Ленинград шаары үчүн каармандык менен салгылашканы баарыбызга сыймык алып келет. Бул салгылашта 4,5 миң кыргызстандык жоокер курман болгон. Учкуч, Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон Исмаилбек Таранчиев, филармониянын директору Өмүркул Жетикашкаев, биология илимдеринин кандидаты Жалил Чолпонкулов ж.б. баатырдык менен курман болгон.

Ошол кезде Ленинград университетинде окуп жаткан жердешибиз Сүйүн Керимбаев өз ыктыяры менен согуш талаасына кирген. Жусубалы Рустамов, Маткурман Юнусалиев, Абдаркул Абдуганов ж.б. Ленинград салгылашында атагы чыккан.

Баатырдык менен курман болгондордун сап башында Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынын кулуну, учкуч Исмаилбек Таранчиев турат. Ал орус учкучу Алексей Ткачев менен бирдикте душмандарга абадан сокку уруп турган. 1944-жылы Исмаилбек Таранчиев баатырларча курман болгон. 1944-жылы 18-мартта Нарва шаарынла “Су-23” самолету “Исмаилбек Таранчиев” деп аталган. Көзү өткөндөн кийин, 1991-жылы Исмаилбек Таранчиевге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

1990-жылдан баштап “Бишкек шамы” гезити Исмаилбек Таранчиевдин унутта калган эрдигин даңазалап, баатырдыкка татыктуу экендиги туралуу демилге көтөргөн. Таранчиевге Советтер Союзунун Баатыры наамын ыйгаруу Указы 1944-жылдын май айында демилгеленсе да, ал иш жүзүнө ашпай келген. Журналист Самидин Стамбеков Таранчиевдин эрдиги тууралуу таасирдүү документалдуу материалында 22 жашар учкуч жердешибиздин душмандын үч самолетун талкалагандыгы, баатырдык наамы унутта калгандагы тууралуу баяндаган.

Ленинград блокадасынан 16 миң адам Кыргызстанга көчүрүлүп келсе, анын 3,5 миңи балдар болгон. Балдарды асыраган ошондой каарман адамдардын бири – Ысык-Көлдүн Күрмөнтү айылдык кеңешинде иштеген Токтогон Алтыбасарова болгон. Ошол мезгилде ал 16 гана жашта эле. Колхоздун жатаканасына жаткырып, блокада балдарынан 150 баланы 10 жылдай баккан. Дайыр Асанов атындагы парктагы Блокада туткундарына арналган эстеликте дал ушул энебиздин элеси түшүрүлгөн. Токтогон апа 2015-жылы кайтыш болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер