ЭРТЕҢ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН II ЭТАБЫ БАШТАЛАТ

  • 12.01.2022
  • 0

 2022-жылдын 13-14-январында Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын II этабы өтөт.

Олимпиада жыл сайын конкурстан өткөн көз карандысыз уюмду ишке тартуу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан, ошондой эле анын аймактык органдар жана жалпы билим берүү уюмдары тарабынан өткөрүлүп келет.

Олимпиаданын II, III жана IV этаптары төмөндөгү жалпы билим берүү предметтери боюнча өткөрүлөт: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, история.

Олимпиаданын II этабына I (мектептик) этапта 1, 2 жана 3-орунду ээлеген жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары катышат.

Олимпиаданын II этабын уюштуруп, өткөрүү үчүн жоопкерчилик райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын жетекчилерине жүктөлдү.

Олимпиаданы өткөрүүнү координациялоо үчүн Министрлик тарабынан «ыкчам байланыш» ((0312) 662 370, 0701 744 803) уюштурулду.

 

            КР БИМ басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер