ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА 2024-ЖЫЛДЫН ӨЛКӨ ЧЕМПИОНДОРУ АНЫКТАЛДЫ

  • 10.01.2024
  • 0

ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА 2024-ЖЫЛДЫН ӨЛКӨ ЧЕМПИОНДОРУ АНЫКТАЛДЫ

2024-жылкы эркин күрөшү боюнча  Кыргызстандын чемпионатында 300дөн ашуун балбан күч сынашты.

Турнир 8-9-январь күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда  курч мүнөздө өттү.

Чемпионаттын биринчи күнү  5 комплект медаль ойнотулду. Айыгышкан атаандаштык менен өткөн таймашууларда Алмаз Сманбеков (57 кг чейин), Эрназар Акматалиев (65 кг чейин), Исламбек Орозбеков (74 кг чейин), Нуртилек Карыпбаев (86 кг чейин) жана Андрей Аронов (97 кг чейин) Кыргызстандын чемпиондору болушту.

Бардык 5 салмак категориясы олимпиадалык оюндардын жадыбалына киргендиктен атаандашуулар курч мүнөздө болду. Өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү апрель айында Бишкекте өтүүчү Париж олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу Азия континентинин лицензиялык  турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын экинчи күнүдө  дагы 5 салмакта балбандар мөрөй талашты. Жыйынтыгында Абдумалик Карачов (61кг. чейин), Канат Керимбеков (70кг. чейин), Адилет Маратбаев (79кг. чейин), Адыл уулу Нурболот (92кг. чейин), жана Арсланбек Турдубеков (125 кг. чейин) Кыргызстандын чемпиондук наамын жеңип алышты.

-Былтыркы жыл биз үчүн ийгиликтүү жылдардан болду десек жаңылбайбыз. Дүйнөлүк чемпионаттарда балбандарыбыз намысыбызды коргоп берди, медалдардын эсеби боюнча 97 мамлекеттин ичинен 3-орунга татыдык.

Быйыл да өтө маанилүү олимпиадалык жыл. Алдыда Азия чемпионаты, анан Жолдомо алуучу турнир, андан соң Париж шаарында Олимпиада оюндары турат.

Азырынча Олимпиадага балбандарыбыз Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы былтыр дүйнө чемпионатында жолдомо утуп алышкан. Буюрса, алдыда дагы бир катар жолдомого ээ болобуз деп үмүт кылып жатабыз.

Эркин күрөш боюнча өлкө чемпионатында курама команданын мүчөлөрү аныкталды.  Балбандарыбыздын даярдыгы жакшы, чеберчилиги өскөнү кубандырды. Париж олимпиадасына кыргызстандык спорт күйөрмандары көптөн күткөн алтын медалды балбандарыбыз утуп алышына тилектешмин, -дейт өлкөнүн спорттук күрөш федерациясынын президенти, генерал Мелис Турганбаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер