ЭР АЗАМАТТАР ЭЧ КАЧАН УНУТУЛБАЙТ!

  • 07.04.2020
  • 0

Сары-Өзөн-Чүй боорундагы билим берүү мекемелери Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилешүүдө.

Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кундуз Абдраева билдиргендей, апрель революциясынын 10 жылдыгына арналган “Эр азаматтар эч качан унутулбайт” деген акция жер-жерлерде аралыкта өткөрүлдү. Акциянын жүрүшүндө окуучулар менен кайтарым байланыш түзүлүп, алар бул темадагы жазган эсселерин, ырларын видео түрүндө жарыялашып, көркөм окуп беришти.

— Чүй облусунун билим берүү мекемелери Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөөгө активдүү катышты. Мектеп жетекчилигине мамлекеттеги өзгөчө абалга байланыштуу онлайн окутуу менен бирге онлайн тарбия иштерин жүргүзүү керектиги жөнүндө мурдатан эскертилгендиктен, окуучулар алдын-ала даярдыктарды көрүшкөн.

Мисал катары айта кетсем, Кемин районундагы мектептер Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгын белгилөө боюнча презентацияларды, роликтерди даярдоодо өздөрүнүн активдүүлүгүн көргөзө алышты. Ошондой эле Токмок шаарынын мектеп окуучуларынын мыкты аракеттерин белгилесек болот. Негизи эле, бардык мектептер 2020-жылдын  8-апрелинен баштап Апрель революциясынын маанисин, катышуучулардын эрдигин даңазалоо максатында эскерүү кечелерин, сүрөт көргөзмөлөрүн уюштурушуп, бардык класс жетекчилер өздөрү окуткан классына ушул темага арналган тарбиялык сааттарды өтүшөт. Бул теманы чагылдырган иш-чаралар апрель айы ичинде жүргүзүлөт,-дейт Кундуз Мукашевна.

ЭР АЗАМАТТАР ЭЧ КАЧАН УНУТУЛБАЙТ!

Өсүп келаткан жаш муундарды жарандык-патриоттук духта тарбиялоо максатын камтыган иш-чаралар, атап айтканда, ушул темада сүрөт тартуу, эссе, ыр жазуу, көркөм окуу сыяктуу сынактарды өткөрүү планы учурдагы кырдаалга байланыштуу бир аз өзгөрүүлөргө дуушар болуп, аралыкта өткөрүлдү. Алсак, Токмок шаарындагы жана Чүй районундагы жалпы билим берүү мекемелеринде өткөн сынактарга баардыгы 100дон ашуун видео эмгектер жана 80ден ашуун фото сүрөттөр келип түшкөн.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер