“ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” УЮШТУРУЛДУ

  • 11.03.2020
  • 0

2019-2020-окуу жылынын февраль айында Кочкор районундагы Ак-Чий орто мектебинде “Энелер мектеби” уюштурулду.

— Балдардын бардык жакшы сапаттарынын көпчүлүгү энеден өткөндүгүн эске алып, өзгөчө жаш энелерге балдарды тарбиялап-өстүрүүгө кызыгууну, балдарды мектепке тарбиялоодо адеп-ахлактык тарбия берүүнү, элдик педагогиканы, маданиятты, каада-салттарды, адептүүлүктү, коомчулук менен мамиле түзүүнү, үйдөн окутууну, билим-тарбия берүүнү үйдөн көмөк көрсөтүп туруу максатында жана мектептин ишмердүүлүгүнө тартып энелер менен биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүп туруу максатында уюшулууда, — дейт Ак-Чий мектебинин директору Дайырбек Айдарбеков.

Мектепте “Энелер мектебин” уюштуруу үчүн жобо, программа, иш планы  иштелип чыгып, максаттары коюлгандыгы тууралуу мектептин тарбия иштеринин уюштуруучусу Ниязбек уулу Адилет энелерге толук түшүндүрүп берди. Активдүү катышкан энелерге “Мыкты үй-бүлө”,” Мыкты эне”, “Мыкты сабак даярдоочу бөлмө” конкурстары  өткөрүлүп, кызыктыруучу сыйлыктар берилмекчи. Ошондой эле 1-4-класстын окуучуларына жана энелерине мектептин мугалимдери сабак өтүп беришти. Мектептин соцпедагогу Жакыпбек уулу Азат “6-9 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүктөрү, алардын физикалык жана психикалык өсүүсү, тарбиялоонун өзгөчөлүгү”,  башталгыч класстын мугалимдери  Эделбекова Мадина — “Алфавитти үйрөтүү жана чечмелеп окуу ”,  Ирсалиева Таалайкүл — “Шар окуу, тыныш белгилери, көркөм окууга үйрөтүү ”, Чодонова Гүлзадат — “Балдарды үй-бүлөдөгү эс алуу, ойноо, тамактануу, эмгектенүү”, Анапияева Мээрим – “Балдарды улууларга карата мамиле түзүүнү калыптандыруу” деген темада видеослайд көргөзүп, сабак өтүп беришти.

Катышкан энелер өз ой пикирлерин айтышты, активдүү катышып мугалимдерге ыраазы болуп сабактарды кызыгуу менен кабыл алышты.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер