“ЭНЕ ТИЛ ЖАНА АЙТМАТОВ” ҮЧ АЙЛЫГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 05.12.2018
  • 0

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгынын жыйынтыгы чыкты. Салтанаттуу жыйын Кыргыз-Түрк Манас университетинин Маданият борборунда өттү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамы кабыл алынгандыгына 29 жыл, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып өткөрүлгөн үч айлык «Көркөм окуу», «Кыргыз ыры – жүрөк сыры», «Жаш артист», «Мыкты Айтматов кабинети», «Айтматовдун чыгармаларындагы жаратылыш жана мекен темасы» кароо-сынагы боюнча өттү.

«Кыргыз ыры – жүрөк сырында» баш байге Бишкек шаардык А.Токомбаев атындагы ОТК МГ 24 мектеп-гимназиянын окуучусу Э.Букалаевге, биринчи байгелүү орун Бишкек шаарындагы №22 бала бакчасынын тарбиялануучулары А.Исмаиловага жана Р.Козулаковго; мектеп окуучуларынын арасынан А.Осмонов атындагы №68 ОТК МГ окуучусу Самат Токоевго ж.б. ыйгарылды.

Үч айлыктын алкагындагы  “Мыкты Ч.Айтматов кабинети” аттуу  шаардык кароо-сынакка катышкан баш калаадагы жалпы билим берүү уюмдарынын ичинен баш байгеге №70 ОТК МГ, 1-орунга — №9 жана №66 ОТК МГ, 2-орунга №88 ОМ; 3-орунга №42 ОМ, 61 АФММЛ татыктуу болушту.

Залдагы катышуучулар айрыкча, «Жаш артист» кароо-сынагынын жеңүүчүсү, Жер Эненин образын жеткиликтүү ачычп берген №51 бала бакчанын сүймөнчүктүү «Жаш артистин» өзгөчө кол чаап кубатташты.

КР Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Н.Ишекеев куттуктоо сөзүндө эне тил, улуттук каада-салттар, ж.б. баалуулуктарды жаш муундарга жеткиликтүү жайылтууда агартуучулардын, тарбиячылардын өзгөчө ордун баса белгиледи.

  • Бул өнөктүк башталгандыгына үч ай болду. Бардык дубандарды айланып өткөрүп келдик. Ар бир дубанда жыйынтыктадык, алдыңкыларды белгиледик. Бүгүн Бишкек шаары боюнча жыйынтыкталып жатат. Ар бир улут өзүнүн тарыхын, үрп-адатын, салт-санаасын, эне тилин ыйык сактап, аны тынымсыз өнүктүрүп турушубуз керек экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Андан тышкары, ошол элдин кайталангыс инсандарын таанышыбыз керек. Биз Чыңгыз Айтматов менен тынымсыз, үзгүлтүксүз достошуп, анын көркөм ааламына тогошубуз керек»-деди.

КР Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы, профессор Н.Ишекеев үч айлыкты өткөрүүгө активдүү катышкандыктары үчүн бир катар мектеп директорлоруна, бала бакча башчыларына ж.б. адистерге Мамлекеттик тил комиссиясынын төш белгисин, Ардак грамоталарды тапшырса, ал эми КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиев Ыраазычылык кат  берди.

Андан тышкары, жеңүүчүлөр ноутбук, түстүү телевизор, көп функционалдуу принтер ж.б. баалуу белектер менен сыйланышты.

А.Кашыбаева,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер