ЭМНЕНИ ОКУТАБЫЗ? ЭМНЕГЕ ОКУТАБЫЗ? КАНТИП ОКУТАБЫЗ?

  • 26.11.2018
  • 0

Белгилүү советтик партиялык ишмер Михаил Иванович Калинин: «Мугалим эң бир жоопкерчиликтүү тапшырманын – адамды калыптандыруунун үстүндө иштейт» деп таасын айткан. Ошол эле адамдын дагы бир улуу сөзүн эске салсак, педагог – бул адамдын жан дүйнөсүнүн инженери. Демек, окуучунун жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип билим берүүдө мугалимдик кесип тынымсыз, талыкпай, чыгармачылык эргүү менен эмгектенүүнү талап кылары талашсыз.

Эмнени окутабыз?

Улуу педагог Василий  Александрович Сухомлинский  «Ийнедей шоола жаратуу үчүн деңиздей жарыкты шимирүү керек» дегендей,  «Эмнени окутабыз?» деген суроого жооп берүү үчүн алгач мугалим өзү окутуп жаткан предмети боюнча эмнени окутаарын ачык, так билүү менен терең  профессионалдык компетенттүүлүккө ээ болуусу керек.

Алгач  математиканы окутуунун ар бир баскычында математикалык билим берүүнүн  мазмунунун салыштырмалуу жыйынтыкталышы, ошондой эле жалпы орто билим берүүнүн ар бир үч баскычында аны дидактиканын уланмалуулук принцибине ылайык берилиши, предметтик стандартта жазылганы тууралуу ар мугалим маалымдар болушу абзел. Ошондой эле  мугалимден математика предметинин мазмундук тилкелери болгон: сандар жана туюнтмалар; функциялар, теңдемелер жана барабарсыздыктар; мейкиндик жана формалар; статистиканын жана ыктымалдыктар теориясынын элементтери  боюнча кайсы темалар, канчанчы класста, кандай мазмунда  өтүлөөрүн так, даана билүү талап кылынат.

Эмнеге окутабыз?

     Жалпылап айтканда, күнүмдүк турмушта керектүү математикалык билимдеринин системасын, билгичтиктерди жана көндүмдѳрүн колдоно билүүгө, салыштыруу, жалпылоо, классификациялоо, талдоо, топтоштуруу, системалаштыруу, суроо бере билүү, проблеманы кое билүү, тыянак чыгара алуу, негизгисин бөлүп кѳрсѳтүү, өз оюн так жана кыска билдирүү сыяктуу компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу үчүн окутабыз.

Математиканы окутуунун негизги максаты — практикалык маселелерди чыгаруу үчүн мурда алган билимдерди пайдалана  алуу билгичтигин калыптандыруу.  Мугалимдин негизги милдеттеринин бири жөн гана математика боюнча түшүнүктөрдүн тизмеси менен тааныштыруу же формалдуу түрдө теманы жалпылап тааныштыруу эмес, окуучу бул теманы окуп-үйрөнгөндөн кийин кайда колдоно алаары тууралуу маалымат берүү болуп саналат эмеспи. Мисалы:  «Жакындаштырып эсептөө», «Санды тегеректөө» деген темаларды өтүү менен, белгилүү жашоо аралыгынын чектеринде жашоочулардын санын эсептөөнү, калктын өсүшүн божомолдоону, масштабды аныктоону ишке ашыра алабыз. Ушул суроого жооп издеп жатып, И.В.Гетенин «Билүү аздык кылат, аны колдонуу керек» деп айтканы эске түшөт. Чындыгында ар бир окуучу билимди эмнеге алып жатканын, аны кантип колдонуу керектигин билүүлөрү шарт.

Кантип окутабыз?

      Албетте, бул суроого жоопту ар бир мугалим өзүнүн методикалык сабаттуулугунун  деңгээлине ылайык жооп берет. Окутуп жаткан материалын кантип окуучуга жеткиликтүү окута алат, кайсы билим берүүнүн технологияларын колдонуу эффективдүү, окутуунун кайсы ыкмаларын колдонуп окутса продуктивдүү болот, баалоонун кандай формасы обьективдүү баалоого шарт түзөт деген сыяктуу суроолорго жооп издөө менен «Кантип окутабыз?» деген маселенин чечилишине шарт түзүлөт.

Жогорудагы үч суроого  өлкөбүздө быйылкы окуу жылында сунушталып жаткан жаңы муундагы окуу китептеринин арасынан 5-6-класстын математика окуу китебиндеги айрым темалардын мисалында жооп берейин.

Алгач былтыркы жылы мурда сунушталган, ал эми быйыл 6-класста жаңы сунушталып жаткан окуу китеби менен окутулган мугалимдердеги  кайсы теманы, качан окутуу керектиги тууралуу жаралып жаткан көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө аракеттерди көрүү абзел. Мисалы, эгер жаңы муундагы окуу китебине дароо өтүп кетсек, «Бүтүн сандар жана алар менен болгон амалдар», «Ондук бөлчөктөр жана алар менен болгон амалдар» деген бөлүмдөр такыр окулбай калып калары бышык, ошондуктан ушул эки бөлүмдү 6-класстын башында эле окуп-үйрөнүү менен баштаган туура. Ал эми мазмунуна ылайык тиешелүү материалдар бул кезге чейин окуп келген жана жаңы сунушталган окуу китептеринен толукталып берилсе деген ойдомун. Бирок, бул көйгөй быйылкы жылы гана болушу ыктымал, кийинки жылы 5-класстан баштап жаңы муундагы окуу китеби менен окуп баштаган класстарда мындай маселе жаралбайт.

Окутулуучу материалдын  мазмуну такталгандан кийин 5-класста алгач окулуп жаткан «Көптүктөр жана алар менен болгон амалдар» темасын окутуу, жаңы сунушталган окуу китебиндеги айрым тапшырмалардын чыгарылыштарын көрсөтүү абзел. Ошондой эле мугалимдер үчүн дагы бир пайдалуу жагдай,  ушул көрсөтүлгөн тапшырмаларга типтеш тапшырмалардын  Жалпы республикалык тестке даярдоодо колдонууга мүмкүн экендигин да конкреттүү мисалдар менен көрсөтүлгөнүндө деп эсептейм.

Эми «Кантип окутабыз?» деген суроого «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинде эмгектенип жаткан кесиптештерим менен биргеликте даярдап, өзүбүздүн комплекстин чегинде пайдаланып жаткан «Логика+Математика» жумушчу дептеринин максаты, колдонуу ыкмасы толуктайт деп эсептейм. Себеби бул жумушчу дептердин мазмуну жаңы окуу китебине ылайык түзүлүп, Жалпы республикалык жана Улуттук тестке даярдоого карата окуучулардын билимдерин системалаштырууга көмөкчү боло алат.

Өлкөнүн билим берүүсүнө кайдыгер карабаган ар бир мугалим сыяктуу эле биздин комплекстин жамаааты жаңы муундагы окуу китептери ийгиликтүү ишке киришине методикалык жактан жардам көрсөтүүгө дилгир экенибизди билдирүү менен,  практик мугалимдер катары тажрыйба алмашууга даяр экенибизди билдиребиз.

Гүлнара Дайырбекова,

Бишкектеги «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин директору,

Бишкек шаардык кыргыз тилинде билим

берүүчү мектептердин математика                                                                                                                                             мугалимдеринин методикалык кеңешинин төрайымы,

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими.

Бөлүшүү

Комментарийлер