«ЭМНЕ? КАЙДА? КАЧАН?» ОНЛАЙН ОЮНУНУН ЖАЙКЫ СЕРИЯСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

  • 01.07.2020
  • 0

«Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясында 2020-жылдын 25инен 26-июнь аралыгында өткөн «Эмне? Кайда? Качан?» онлайн оюнунун жайкы сериясы жыйынтыкталды. Бул мелдештер БРИТА үчүн салттуу болуп калгандыгына карабай, мындай форматта биринчи жолу болду. Бул оюнду СССРдин ойлоп табуучусу, Б.Н.Ельцин ат. КРСУнун окуу лабораториясынын башчысы Сергей Георгиевич Степанов менен И.Раззаков ат. КМТУнун IT-департаментинин башчысы, доцент Алмаз Момунович Арзыбаев алып барышты. Мелдешке бардыгы болуп республиканын бардык аймагынан 11 команда катышты, ал эми Кыргызстанда жарыяланган карантин учурунда чектөө мезгилинде академиянын иши үчүн «Алтын түйүн» адистери тарабынан атайын иштелип чыккан bbb.rdita.kg онлайн конференциялары үчүн платформасы өткөрүү орду болду. Бул виртуалдык аянтчанын артыкчылыгы болуп, балдардын компьютерлер сыяктуу эле уюлдук телефондор аркылуу киргендигинде болду. Болгону интернетке кошулуу шарты коюлду! Оюндарды өткөрүүнүн форматы телеберүүдөн берилген версиядагыдай болуп: командалар кезек менен ойношту, алар алып баруучунун суроолоруна жооп берип жатышты. Командалардын катышуучулары бири-бирин онлайн түрүндө көрө алышты, бири-биринен сурап жатышты, ал эми капитан жооп берүүчүнү айтып турду. Алып баруучунун ойлоп табуучулук, илимдин тарыхы жана техника боюнча берген суроолорунун ичинен эң көбүнө жооп берген команда жеңүүчү аталды. Баллдарды көбүрөөк топтош үчүн балдар күчтүү эрудициясы менен терең ойлоно билүүсүн дагы көрсөтүшү талап кылынды.

25-июнда саат 10.00до «Отважные утята» (Токомбаев ат. №24 МГ, Бишкек) жана «Эрудит» (Токтогул ат БОМ, Жалал-Абад областы, Токтогул ш.) ойношту. Балдар эң сонун ойноп беришти! Адегенде эки команда тең 5 упай топтоду, бирден алып баруучуга жеңилишти, андан кийин аларга дагы үчтөн суроо берилди. Эң эле чыңалуу менен таймашып жатып «Эрудит» жеңишти тартып кетти, алар 24-гимназиянын балдарынан чечүүчү баллды алып кетишти!

Ошол эле күнү саат 15.00дө «Радуга» (№26 ГК, Бишкек ш.) менен «Эч нерсе? Эч жерде? Эч качан?» (№11 гимназия, Каракол ш.) жана «Рики» (И.Раззаков ат. КМТУнун лицейи, Бишкек ш.) командалары оюнга киришти. Оюн бир калыпта өттү, балдардын бардыгы мыкты билимин көрсөтүп, командалар арасында болгону бир гана утуш орун алды. Негизги оюнда «Радуга» командасы жеңип, экинчи орунду «Рики» командасынын балдары, ал эми үчтү – Каракол шаарынын №11 гимназиясынын балдары ээледи.

26-июнда саат 10.00до «№29 ОТК МГ» (Бишкек ш.), «Саламандры» («Газпром Кыргызстан» мектеби, Бишкек ш.) жана «Олимпийцы» (Киров ат. МГ, Ысык-Көл областы, Теплоключенка ай.). «Саламандры» командасы берилген үч суроого туура жооп берип, жеңишке жетишти. «№29 ОТК МГ» жана Киров ат. МГ катышкан балдар үчтөн туура жооп беришип, бирдей деңгээлде ойноп беришти.

26-июнда саат 15.00дө «№9 ОТК МГ» (№9 ОТК МГ, Бишкек ш.), «MAN» («Олимп» МГ, Ош ш.) жана «БРИТА» (БРИТА «Алтын түйүн», Бишкек ш.) командалары ат салышты. Бул беттеш эң эле эсте калаарлык болду! «№9 ОТК МГ» менен «БРИТА» командаларына кошумча экиден оюн берилди, себеби балдар бири-бирине жеңишти бербей турушту: (6:0 – 6:0, 9:0-9:0), үчүнчү раундда гана №9 ОТК МГ балдары «Алтын түйүн» БРИТАнын балдарын бир баллга утуп кетишти! Ош шаарынан катышкан команда лидерлерге жол бошотуп, өжөрлүк менен жеңишке болгон эрктүүлүгүн көрсөтүп, үчүнчү орунду ээледи! Мелдештин жеңүүчүлөрү дипломдор менен сыйланып, калган балдар катышкандыгын тастыктаган сертификаттарга ээ болушту, алар почта аркылуу ээлерине жөнөтүлөт.

Оюндун баары абдан кызыктуу өттү: балдар мыкты билимин, кызыктуу ой калчоолору менен командада иштей билүүсүн көрсөтүштү. Мындай форматта дагы бир ирет жолугаарбыз деген ишеничтебиз! Жеңүүчүлөрдү чын дилден куттуктап, катышкан балдардын бардыгына ыраазычылык билдиребиз!

БРИТА «Алтын түйүн» басма сөз борбору

Бөлүшүү

Комментарийлер