ЭЛЕТТИК МУГАЛИМДИН СЫЙЛЫГЫ

  • 26.01.2022
  • 0

Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылындагы А.Искендеров атындагы мектептин физика мугалими Д.Алтыбаева республикалык олимпиадаларга окуучуларды жемиштүү даярдап келгендиги үчүн сыйланды. Бул сыйлык “Кыргыз Эл” коомдук уюму менен Limon.KG биргеликте даярдаган “Билим прогресс” долбоорунун алкагында тапшырылган.

Ат-башылык физика мугалими Дүйшөгүл Алтыбаеванын жети жылдан бери физикадан даярдап келаткан окуучулары республикалык олимпиадаларда алдыңкы байгелүү орундарга ээ болуп келишкен.

Ал мугалим иштеген мектепте болгону 300 окуучу билим алат. “Кыргыз Эл” коомдук уюмунун былтыр июнь айында баштаган “Билим Прогресс” долбоору математика, физика, биология жана химия предметтерин окуткан мугалимдерге каржылык колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Бул долбоордун алкагында 1-класстын окуучулары үчүн 40 математика китебин белекке тартуулашты.

Аталган уюм эл аралык олимпиадаларга мыкты окуучуларды даярдаган мугалимдерге сыйлык берүүдөн тышкары, бара-бара так илимдерди окуткан мугалимдердин эмгек маянасына кошумча каражат кошууну да көздөшүүдө.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер