ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ ЭҢСЕГЕН БИЙИКТИК

  • 01.10.2020
  • 0

“Атакем агай”

Кундуз секелек кезинен эле мугалим болууну эңсечү. Буга анын атасы мугалим болгону таасир этсе керек, ал өзү теңдүү кыздар менен ойногондо да, мугалим болуп аларга сабак өтөөр эле. Доска деп жасап алышкан тактайга тамгаларды басма түрүндө жазып, өзүн мугалим сезип, “окуучуларына” ар бир тамганы атап, жаздырып чыкчу. Жети жашка чыгып, мектепке 1-класска киргенден баштап чыныгы мугалимдерден билим-тарбия алып, окууга болгон кызыгуусу, дилгирлиги баштагыдан күчтүрөөк кыялдарга жетеледи. Эртең менен атасы экөө жетелешип сабакка жөнөшөт. Мектепте атасы чоң класстарга сабак бергендиктен кээде гана көрүнөт.  Кундуз “Менин атам мектепте сабак берет, “Менин атакем агай” – деп, дайыма сыймыктанып айтаар эле.

— Ошол бала кезимден бери мугалим болсом деген кыял менен жашап калдым. Пайгамбарлык кесипти тандап алуума атакем жана апакем себепчи. Алар дайыма “Мугалимдер – булар эң күчтүү инсандар, бардык кесип ээлери мугалимдерден билим алышкан, мугалимдик кесип эң ардактуу кесип” деп көп айтышар эле. Мугалим атам жакшы окуган кызы үчүн сыймыктансын деген тымызын каалоом менин мыкты окуума түрткү болду. Эсимде, 7-класста окуп жаткан мезгилде предметтик олимпиадага 9-класстын окуучусу болуп катышып биринчи орунду  алып, райондук олимпиададан экинчи орунду камсыздагам, — деп эскерди окуучу кезиндеги алгачкы ийгиликтери жөнүндө.

Кундуздун атасы өзү математик болгону менен, математикага кошуп аны тарых жана географиядан да олимпиадага даярдап жүрдү. 9-класста областтык олимпиадага катышып, бирок биринчи орунга илинбей калганына ызаланып: “Мен географ болом” — деп ошондо өзүнө шарт койгон. Жылдар өтүп 1998-жылы Ноокат районундагы “Кызыл-Тейит” орто мектебин ийгиликтүү аяктаган соң, өзү эңсеген бийиктикти багындыруу үчүн Ош мамлекеттик университетине бет алып, Табият таануу жана география факультетинин студенти болуп калды.

— Бирок мен бул факультетте окуп жатып, кесипти туура эмес тандаганымды түшүндүм,-дейт Кундуз ошол учурун эстеп. – Көрсө, мени так илимдер кызыктырчу экен. Ошол себептен мен математика, физика, информатика, химия, биология сабактарын жана ушул багыттагы илимий эмгектерди казып окуй баштадым. Ошентип 3-курстан ОМПИнин табият таануу жана математика факультетине которулдум. 2005-жылы Ноокат районундагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектебине ишке кирдим. Сабак бере баштаган алгачкы күндөн тарта окуткан окуучуларыма даяр билимди эмес, өзүм изденип тапкан билимди бергим келет. Себеби балага айтып берген эмес, өзү изденген, өзү кызыккан, өз туюмун билдирген билим жугумдуу жана баалуу болот,-дейт, өзү изденип тапкан чындыгы менен бөлүшүп.

Мыкты сабактар парадында биринчи

Кундуз Арапова мектепке орношкон күндөн баштап эле ар кандай кароо-сынактарга жигердүү катышып келет. Сынактардын ичинен “Жыл мугалими 2014” кароо-сынагына катышканы өзү үчүн эң сыймыктуу. 2013-жылы Ош билим берүү институтунда кыска мөөнөттүү дасыгуудан өткөн мезгилде “Мыкты сабактар парады” конкурсунда 1-орунду алып, абдан кубанган. Андан бери бир топ кароо-сынактарга катышып келатат. 2018-жылы райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган усулдук сынакта “Мыкты класс жетекчи-2018” конкурсунда жеңүүчү болду. Ошол жылы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук каанасынын сунушу менен анын “Класс жетекчилер үчүн усулдук колдонмосу” жарык көрүп, республика боюнча жайылтылды.

ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ ЭҢСЕГЕН БИЙИКТИК

“Эмгек эрезеге жеткирет” деген ырас белем, изденгич, идиректүү жаш адистин ийгиликтери тез эле көзгө илинип, анын аракетин баалап, колдоп, ишеним артыла баштады. Сыйлык да көпкө күттүргөн жок, 2019-жылы “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды. Алган сыйлыгы аны ого бетер шыктандырып, 2020-жылы Ош билим берүү институту тарабынан уюштурулган “Учурдун санарип мугалими-2020” сынагында математика боюнча биринчи орунду ээледи. Аталган жеңиштер менен катар эле азыркы кырдаалга карата аралыктан окутуунун усулдары боюнча мугалимдерге окуу-семинарларды уюштуруп келет. Ош мамлекеттик университети уюштурган “Дистанттык окутуунун усулдары”, Кыргыз улуттук университети уюштурган “Аралыктан баалоо боюнча программалар менен иштөө”, Кыргыз Билим берүү академиясынын “Дистанттык окутуу мезгилинде тапшырмаларды даярдоо ыкмалары”, Ош билим берүү институту тарабынан уюштурулган “Үйдөн чыкпай үйрөн” аттуу вебинарларда кесиптештери менен өз тажрыйбаларын бөлүшүп келет. Ошондой эле азыркы күнгө чейин 4000 мугалимди онлайн окутуп, компьютердик сабаттуулугун арттырууга салымын кошууда.

Кундуз Акимовна эңсеген бийиктик али алдыда. “Тоскоолдуктарга коюлган таштардан ийгиликке жетүүчү тепкич куруу” ураанын туу туткан мугалим, өз максатына жетээри анык.

Заманбап мугалим кандай болушу керек?

Мен эңсеген бийиктик — бул балдардын жан дүйнөсүнө жакын, мугалим деген атка татыктуу, балдардын эсинде мыкты эжей бойдон калгым келет. Окуучуларым мага дем берет, окуучуларым мага жаштык тартуулап турат, окуучуларым мага аруулукту, тазалыкты тартуулап турат. Мен алардын таза, аруу дүйнөсүн билим менен сугаргым келет жана болгон күч аракетимди, жана билимимди арнап келем. Дүйнөлүк улуу грек ойчулу Сократ: “Мен дагы көп нерсени билбесимди анык билем” деген сымал, ар бир мугалим тынымсыз изденүүнүн үстүндө болууга тийиш, бул — бүгүнкү күндүн зарылдыгы. Анткени автомобиль доорунда араба менен жүрүү  мүмкүн болбогондой эле, илим  техника тынымсыз өзгөргөн күндө изденбей, окубай мугалим болуу мүмкүн эмес. Коом мугалимге ар дайым эң жогорку талапты коюп келген жана кое берет. Башкаларды окутуу үчүн мугалим ар тараптан өнүгүшү керек. Биринчиден, мугалим өзүнүн эле предметин билбестен, аны окутуунун ыкмасын билуу керек. Экинчиден, ага жакын илимдерди, коомдогу турмушту, саясатты, экономиканы да билүүсү абзел,-дейт Кундуз Акимовна.

ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ ЭҢСЕГЕН БИЙИКТИК

Ак сөз, мугалим ар дайым окуп, изденип турушу керек. Себеби бизди курчаган дүйнө тынымсыз өзгөрүп турат, себеби мугалим баарынан көп билиши керек, себеби, ал —  мугалим. Азыр өз алдынча билим алып, билим куржунун каалашынча толтурууга бардык шарт бар, болгону интернет айдыңындагы өзүңө тиешелүү маалыматтарды казып оку, пайдалан, бөлүш. Бүгүнкү күндүн талабы ошол.

“Билимдүүгө дүйнө жарык” экенине бекем ынанып, бийиктикке умтулуп иштеген элеттик мугалим, өз алдынча билим алуу жөндөмдүүлүгү мугалимди ар дайым алдыга жетелеп, ар бир мугалимдин психологиялык жана интеллектуалдык көрсөткүчү менен аныкталат деп эсептейт.

— Мен ар дайым “Окуу, окуу жана окуу” деген принцип менен иштеп жана окуп келем. Мына жакында эле медиа сабаттуулук боюнча тренингге катышып, ал жерден Кубатбек Чекировдон көп пайдалуу маалымат алдым. Сабактарды кантип кызыктуу даярдоо, балдарды кызыктырып сабакка чакырып алуу, медиа аймагындагы маалыматтар менен иштөө, аралыктан баалоо боюнча платформалар, подкаст түзүү, маалыматтарды иргөө, талдоо, анализдөө боюнча эң жакшы түшүндүрмө берип, медиа сабаттуулуктун булагын ачты. Мен Кубатбек агайдын ишмердүүлүгүн буга чейин гезит аркылуу гана билчүмүн, агайдын бизге сабак өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшкөнү, мындан аркы интернет айдыңында иш жүргүзүүгө, маалыматтар менен иштөөгө шоола чачып, жол көрсөттү,-дейт Кундуз Арапова.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер