ЭЛЕТТЕ ИНТЕРНЕТТИ ӨЧҮРҮП, ЭЛДИ ПИКИР АЛМАШУУГА ҮНДӨӨ

  • 28.10.2022
  • 0

Махараштра штаты бүгүнкү күндүн эки негизги азгырыгы – телевидение менен мобилдик интернеттен баш тартып жатканын жар салды.

ЭЛЕТТЕ ИНТЕРНЕТТИ ӨЧҮРҮП, ЭЛДИ ПИКИР АЛМАШУУГА ҮНДӨӨ

Вадгаон кыштагынын тургундары бир күнү алардын балдары ТВ жана мобилдик интернеттен көз каранды болуп калганын байкашты

Күн сайын кечки саат жетиде Сангли районунун Вадгаон айылында сирена жаңырып, ал жергиликтүү тургундарга телевизорлорун жана чөнтөк телефондорун өчүрүүгө белги берет. «Маңзаттай» эле өзүнө байлап алган телефон менен телевизорду айылдыктар кайра сегиз жарымда сиренанын үнү жаңырганда гана кайрадан колдоно алат.

«Индиянын эгемендик күнүнүн алдында 14-августта айылдык кеңештин жыйыны өтүп, анда биз мындай көз карандылыктан арылууну чечкенбиз», -деди Би-Би-Сиге Виджай айылдык кеңешинин төрагасы Мохите. «Кийинки күндөн тарта сирена иштеп баштагандан тарта телевизор, телефондор өчүрүлдү».

Вадгаон аймагынын тургундарынын саны үч миңге чамалайт, бул жерде негизинен фермерлер жана кант заводунун кызматкерлери жашайт. Мохите мырза Covid-19 пандемиясынан кийин балдар онлайн окуу деп көбүрөөк ТВ жана телефондон көз каранды болуп калганын айтып берди.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен балдар мектеп жана колледждердеги кадимки билим берүүгө кайтышты. «Бирок алар окууларына кайтышкандан кийин кайра эле телевизор көрүп же телефон ойноого киришти», — деди ал. Улуу муундагы адамдар деле ушундай көз карандылыкка батып, бири-бири менен такыр сүйлөшпөй калганын кошумчалады.

Вандана Мохите (ал Виджай Мохитенин тууганы эмес) анын эки баласы телевизор көрүп, телефон чукулаганга өтүп алганын айтып кейиди. «Чек коюлганы күйөөм жумуштан келип, балдардын окуусуна жардам бергенге жеңил болуп калды, мен дагы ал убакта ашканамда өз ишимди жасай берем», — дейт.

Айылдык кеңешке элди интернет, ТВден эс алып турууга көндүрүү оңойго турбады.

Мохите мырза кеңеш чечим кабыл алып, ал сунуш айылдыктарга өткөндөн кийин деле буга мыйыгынан жылмайгандар болду дейт. Андан кийин айылдык кеңеш келин-кесекти чакырып алып сүйлөшкөндө алар сериал көрүп көп убактысын ошого кетирерин моюнга алышкан. Ошентип, кыштак толугу менен бир нече саатка ТВ, телефондон баш тартканга
көнүшкөн.

Кеңештин кийинки жыйынында сиренаны айылдык храмдын үстүнө коюуну макулдашты. Бирок чечимди ишке ашыруу оңой болгон жок. Сирена иштеп баштаганда айылдык кеңештин кызматкерлери айыл кыдырып, элди телефон, телевизорлорду өчүрүүгө үндөштү.

«Эми акыры барып чечим бүт айыл боюнча аткарылып жатат», — деди Мохите мырза.

Бирок ушинтип кыска мөөнөткө өчүрүүлөр майнап береби?

Бериши мүмкүн дейт доктор
Манодж Кумар Шарма. Ал Психикалык саламаттык жана неврология боюнча улуттук институттун клиникалык психология боюнча профессору.

«Covid эми онлайн аракетти же ага онлайн убакыт бөлүүнү талап кылбай калды», — дейт ал.

Доктор Шарм жана анын кесиптештери жүргүзгөн иликтөөгө 682 адам катышкан (495 аял жана 187 эркек). Иликтөө 2020-жылдын июль-декабрында жүргөн, анын жыйынтыгы интернетти ашыкчасы менен колдонуу өспүрүм жана жаштар арасында тез өсүп жаткан көрүнүш экенин көрсөттү. Бул интернетти колдонуудагы олуттуу проблема.

«Интернетти ашыкчасы менен аны элес албай колдонуу психологиялык стрессти чакырышы мүмкүн», — деп айтылат иликтөөдө. «Бул өспүрүмдүн жашоосуна зыян келтириши мүмкүн».

ЭЛЕТТЕ ИНТЕРНЕТТИ ӨЧҮРҮП, ЭЛДИ ПИКИР АЛМАШУУГА ҮНДӨӨ

Эксперттер балдарга автономдук режимде адекваттуу убакыт өткөрүүнү камсыздоо зарылдыгын белгилеп жатышат

Психологиялык стресске туруксуз өспүрүмдөр же башына стресс түшкөндөр интернетти жагымсыз эмоционалдык абалдан убактылуу чыгыш үчүн болсо да колдонот. Бирок бул нерселер аларды социалдык карым-катнаштан, жолугушуудан, үй-бүлөлүк катыштан, класстан тышкаркы жашоодон оолактатып, обочолонууга алып келет.

Доктор Шармдын айтымында, өз эрки менен интернеттен баш тартуу онлайн активдүүлүктөн көз карандылыкты азайтуунун маанилүү бөлүгү.

«Балаңыз менен сүйлөшүп, алардын физикалык жана офлайн убакыт өткөрүшүн камсыздаңыз, мындан тышкары жетиштүү уйку жана өз убагында тамак ичүүсү зарыл «, — деди ал.

Фермер Дилип Мохите кант тростнигин өстүрөт, анын мектеп жашындагы үч уулу бар. Анын айтымында, азыр айылдагы жаңы эреженин үзүрүн көрүп баштады. (EK)

Имран Куреши

Бөлүшүү

Комментарийлер