ЭЛЕКТРОНДУК ОКУТУУНУН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

  • 02.03.2018
  • 0
ЭЛЕКТРОНДУК ОКУТУУНУН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

ЭЛЕКТРОНДУК ОКУТУУНУН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

 

Мугалимдерди окутууда электрондук окутууну кантип колдонсо болот? Окутуунун салттуу жолунан анын кандай айырмасы бар? Бул тууралуу 20-февралда Республикалык мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда болуп өткөн талкууда кеңири сөз болду.

Электрондук окутуу же e-learning

Азыркы тапта бүтүндөй дүйнө жүзүндө e-learning деген аталышка ээ болуп калган окутуунун Интернет тармактары аркылуу жүргүзүлгөн электрондук формасына болгон кызыгуу зор. ЮНЕСКОнун адистери  «интернет менен мультимедианын жардамы аркасында жүргүзүлүүчү окутуу» деп сыпаттап жүргөн окутуунун салтка айланбаган бул формасы өзүнүн калыптануу жолунда эки этапты басып өттү. 90-жылдардын орто ченинен 2005-жылга чейин окууга гана жеткиликтүү болгон компакт-дисктер тренинг, семинарларда байма-бай колдонулуп келингени маалым. Мындай компакт-дисктерди түзүү көп убакытты талап кылганы менен окутуучу менен окуучуларга интерактивдүү мүмкүнчүлүктөрдү кенен берген алгачкы  новатордук идея болуп саналган жана булар чындыгына келгенде окутууда компьютердик технологияларды колдонуунун баштапкы  үлгүсү болчу.

Көп өтпөй агартуу айдыңында окуучуга өзү каалаган убакытта өз алдынча билим алуу мүмкүнчүлүгүн тартуу кылган окутуунун аралыктан окутуу формасы колдонула баштады. Дистанттык же аралыктан окутуунун пайдалуу жактары деп талдоочулар окутуу графигинин ийкемдүүлүгүн, өзүнүн жеке индивидуалдык планына таянып билим алууну,   окутуучудан көз каранды болбогон билимдерди баалоонун обьективдүү жолун, окутууда окутуучудан консультация алууну, жана билим алуунун мындай жолунун башкаларга караганда  арзандыгын өз иликтөөлөрүндө баса белгилешет. Ошентсе да  кийинки кездерде билим берүүчүлөр да, билим алуучулар да электрондук окутууга ыктап жатышат.

Чындыгында электрондук окутуунун артыкчылыктары арбын.  Мисалы күндө колдонуп жүргөн персоналдык компьютерди , мобилдик телефонду, DVD-ойноткучту, телевизорду ж.б. колдонуп, электрондук материалдар менен өз алдынча иштөөнү; аймактык жактан алыстагы эксперттен (окутуучудан) консультация, кеңеш алууну; жалпы виртуалдык окуу ишкердигин жүргүзүүчү социалдык тармактарды колдонуучулардын жамаатын түзүүнү; электрондук окуу материалдарын күнү-түнү тынымсыз жеткирүүнү опоңой ишке ашырса болот. Электрондук окутууну  жер шарынын кайсыл жеринен болбосун, каалаган убакытта, каалаган аймактан колдонуу көп чыгымды, ашкере убакытты талап кылбайт. Ал баарына жеткиликтүү.

Электрондук материалдарды колдонуучулардын эң көп бөлүгүн түзгөн студенттердин да окутуунун салтка айланбаган бул жолу тууралуу пикири көңүл толорлук. Студенттер мындагы ийкемдүүлүк, убакытты сарамжалдуу пайдалануу, мезгилден артта калбай өсүп-өнүгүү, өндүрүштөн ажыратылбай билим алуу, электрондук курстун мазмунун модулдарга бөлүп окуп-үйрөнүү, так иштелген критерийлердин негизинде өз билимин баалоо, билим алуунун салыштырмалуу арзандыгы сыяктуу алгылыктуу идеяларга жогору баа беришет.

ЭЛЕКТРОНДУК ОКУТУУНУН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

Дистанттыкбы… же электрондук окутуубу?

— Айрым адамдар аралыктан окутуу менен электрондук окутуунун айырмасын так ажыратып билишпейт. Электрондук окутуу – бул азыркы заманбап маалымат технологияларына түздөн-түз байланышкан окутуу болуп саналат. Аралыктан окутууда болсо, билим алуучу менен окутуучу ар кайсы шаарларда, аймактарда жайгашышы мүмкүн. Эгерде окутуучу билим алуучуга тапшырмаларды почта аркылуу жөнөтсө да, анын аракети аралыктан окутууга кирет. Электрондук окутууда болсо, электрондук массалык маалымат каражаттарынан пайдалануу Интернет аркылуу жүргүзүлөт, — деди учурда көп сөз болуп жүргөн эки окутуу жолдорунун айырмачылыктары тууралуу  Саймон Женкинс.  Долбоордун эл аралык консультанты бул күнкү талкууда  борборлоштурулган окутуудагы электрондук окутуунун жол-жобосуна да токтолду.

— Электрондук окутуу кантип ишке ашат? Билим алуучу алдын окуп чыгууга, карап чыгууга же угууга берилген тапшырмалардын мазмуну менен өздүк компьтерден же кол телефонунан таанышат. Тапшырмаларды аткаруу менен өз билимин өркүндөтөт. Анын билими компьютердеги баалоонун жана каттоонун автоматтык системасы аркылуу калыс бааланат. Учурда электрондук билим берүүнүн электрондук форум, Skype формалары кеңири белгилүү, -дейт Саймон Женкинс.

Мугалимдерди окутууда окутуунун жаңы жолунун кандай пайдасы бар?

Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөнүн шарттарында электрондук билим берүүнүн орду эбегейсиз экендиги тууралуу кенен сөз жүрдү.

— Мугалимдер окутуунун бул жолунда индивидуалдык окуп-үйрөнүү темпине жараша билим алуу үчүн өзүнө ылайыктуу убакытты, жерди жана окуп-үйрөнүү тилин тандай алышат. Мында кагазга жазып олтуруунун зарылдыгы жок. Бөлмөнүн чоң-кичине экендиги да эч кандай мааниге ээ эмес. Жооптор автоматтык түрдө берилип, кынтыксыз бааланат. Үйрөнүүчүлөр окуу материалын компетенттүүлүк деңгээлине жеткидей кылып, дыкат кайталай алышат. Жаңы мазмунду түзүүдө тез жана чыгашасыз жаңылоо мүмкүнчүлүгү да бар. Башкысы, мугалимдер үчүн бул окутуу жолу өтө ыңгайлуу. Жатак жай жана транспорт үчүн чыгымдар жокко эсе. Мугалимдерди баалоо жана каттоо иштери өзгөчө бир тартипте, ырааттуулукта жүргүзүлөт, — дейт Саймон Женкинс.

Көйгөйлөр да жок эмес

Электрондук  окутууну жүргүзүү үчүн окутуучулардын баарына Интернет зарыл. Бирок окутуучулар үчүн Интернетке акыны ким төлөйт? Окутуучулар колдонуучу Интернеттин ылдамдыгы ар дайым жетиштүү болобу? Электроэнергия менен ким үзгүлтүксүз камсыздайт? Дагы бир шарт — Интернеттин үзгүлтүксүз иштеши үчүн заманбап компьютерлер, телефондор талап кылынат.  Тапшырмалар күн мурунтан ушул компьютерлерде болушу керек. Жыйында мугалимдер институттарынын окутуучулары автордук программалар менен иштегенди билиши керектиги айтылды. Тилекке каршы, ал үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынат. Ушул сыяктуу  көйгөйлөрдөн улам азырынча аралаш окутууну колдонуу зарылдыгы келип чыкканын жыйын катышуучулары бир добуштан белгилешти.  Алардын пикиринде окутуунун салттуу жана салтка айланбаган формалары китептеги текстти окууда, лекцияларга катышууда, кайсы бир тапшырмаларды компьютерде даярдап, жоопторун да компьютерде берүүдө, кайсыл бир тапшырмаларды имейл менен жиберүүдө эриш-аркак колдонулушу мүмкүн.

Электрондук окутууда кандай куралдар колдонулат?

Электрондук окутууда модулдарды түзүү үчүн программалык камсыздоо зарыл. Адатта алар автордук программалар же куралдар деп аталат. Электрондук окутуунун модулдарын жайылтууга жана башкарууга чакырылган программалык камсыздоону окутууну башкаруу системасы деп атайбыз. Мындай борборлоштурулган системада маалымат бир чекиттен көптөгөн башка чекиттерге тарайт. Электрондук окутууга зарыл прогаммалардын басымдуу бөлүгү – Articulate Storyline, Lectora Inspire, Adobe Captivate – негизинен англис тилинде. Электрондук окутууну башкарууда Moodle (LMS) системасы колдонулат.

Долбоордун техникалык экспертинин сөзүнө караганда  мугалимдер институтунун ар бир кызматкери CourseLab курстарын түзүүгө жарамдуу болушу керек. Окутуучу түзгөн курстук тапшырмасын институттун MOODLE серверине жайгаштыра алат. Бирок окутуучулар системага кирүү жана айрым бир тапшырмаларга жоопторду алуу үчүн алдын катталышы зарыл. Биз сөз кылып жаткан электрондук окутуунун өнүгүү стратегиясы керектөөлөрдү анализдөө, үйрөтүүчү максаттарды аныктоо, окутуунун мазмунун иштеп чыгуу, электрондук модулдарды орнотуу, жайылтуу жана анын жыйынтыктарын баалоо этаптарынан турат.

Талкууда алдыдагы биргелешкен иштер кандай тартипте жүргүзүлөрү талкууланды.

— Теориялык жактан алганда баары жөнөкөй көрүнөт. Бирок иштей келгенде бир топ кыйынчылыктар жаралары шексиз. Бизде 60-70 кызматкер эмгектенет. Баарын бир убакта үйрөтүү мүмкүн эмес. Балким арасынан тандап, бир тобун окутуп берсеңер туура болчудай, — деди Республикалык мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Назира Дюшеева. Талкууда институт менен долбоор РИППКда электрондук окутуу системасы салтанаттуу ачылганга дейре кайсыл иштерди биргеликте, кайсынысын өз алдынча аткарышары кызуу талкууланды.

А.Алибеков

Бөлүшүү

Комментарийлер