ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНАНЫН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

  • 17.03.2020
  • 0

Кара-Көл шаарындагы  Шопоков атындагы №4 орто  мектебинде “Электрондук китепканада “Билим булагы” жана   “ibilim. kg” ачык билим берүү ресурстарын сабакта пайдалануу”  аттуу шаардык семинар өткөрүлдү.

ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНАНЫН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

Шопоков атындагы №4 жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Бердигулова Раткан  семинардын максаты менен катышуучуларды тааныштырып өттү.

-Электрондук ресурстар  окуучулардын сабакка  кызыгуусуна жардам   берет экен. Биз аларды өз сабактарыбызда кеңири пайдаланып  жатабыз.  Сабактарга катышкан ата-энелер да электрондук ресурстарды  мобилдик телефондоруна өткөрүп, үйдөн дагы кошумча маалыматтарды берүүгө ыңгайлуу экендигин айтып жатышат, — деди мектеп директору.

ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНАНЫН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

Электрондук китепкананы колдонууга арналган шаардык семинарда тогуз предмет боюнча семинардын катышуучулары кеңири маалымат алышты жана окуу китебинен дагы башка кызыктуу маалыматтар бар экендигин белгилешти.

ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНАНЫН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

Семинарда география мугалими Кудайбергенова Б, кыргыз тили жана адабияты мугалими Жолоева Н, тарых мугалими Мадышова М, орус тили жана адабияты мугалими Маматова Махабат “Билим булагы” ачык билим берүү ресурстарын  колдонуудагы өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Мекен таануу, чет тили, математика предметтери боюнча тесттер менен иштөө көрсөтүлдү. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинети тарабынан уюштурулган  бул күнкү окуу иши суроо-жооп менен жыйынтыкталды.

А. Алибеков, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер