Элчиден лекция

  • 13.05.2024
  • 0

Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий изилдөө университетинин студенттерине интеграциялык процесстердин артыкчылык, кемчиликтерин тууралуу дарс окуду.  

Элчиден лекция

Элчини университеттин ректору, А.Т. Кадыралиев, окуу усулдук иштер боюнча проректор Д. М. Турсуналиева, мамлекеттик тил жана өнүктүрүү боюнча проректор, Г.Т. Супаева, Эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Н.Асилова тосуп алышты.

Элчи мырзага КЭУнун тарыхы, ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берилген соң, студенттерге «Интеграциялык процесстер мамлекеттик коопсуздукту өнүктүрүүнүн жана камсыз кылуунун факторлору катары» темасындагы лекция окуду.

Элчиден лекция

Ал өз сөзүндө студенттерди талыкпай окуп, өзүн-өзү өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, аларды өз тармагында лидер болууга, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошууга үндөдү. Интерактивдүү жана маалыматка бай дарс аягында Доган мырза студенттерге өз алдынча окуу үчүн адабияттардын тизмесин сунуштап, алардын суроолоруна жооп берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер