ЭЛ МУГАЛИМИНЕ АРНАЛДЫ

  • 28.10.2022
  • 0

Талас мамлекеттик университетинин алдындагы «Бектур агай» лицейинде Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына жана эл мугалиминин урматына  тил майрамы өткөрүлдү. Ага   КР Эл мугалими Бектур Исаков  өзү да келип катышып, терең ыраазычылыгын  билдирди.       

Аталган лицейде мамлекеттик тил күнүнө арналган иш- чараны жыйынтыктоо кечесинде  окуучулардын өз эмгеги менен жасалган китепчелер, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду.  Ошондой эле  кыргыз даамдары жасалып,  каада-салт үрп адаттары, улуттук баалуулуктар, агайдын усулдары тууралуу тааныштыруу бурчтары иштеп турду. Кечеге университеттин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери да келип катышып, өздөрүнүн эң жакшы ой пикирлерин айтышты.  Салтанатта окуучулардын калемине таандык Бектур агайга арналган ыр саптар, эссе, дил баяндар  да окулду. Кошумчалай кетсек, учурда Талас облусунун жалпы билим берүүчү мекемелеринде кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдеринен түзүлгөн  «Тилчилердин  кербени» тобу тажрыйба алмашуу максатында облустук семинарларды кезектешип  өтүшүүдө. «Бектур агай» жылына карата иш чаралардан тышкары ар бир мектепте бурчтар уюштурулуп, агайдын усулдары менен сабактар өтүлүп, кереге кеңештер, ачык тарбиялык сааттар, агай менен биргеликте жолугушуу кечелери уюштурулууда. Ар бир өтүлгөн облустук семинарлар “Талас Медиа” тарабынан да  мугалимдердин сабактары чыгууда.

Салтанат БЕЙШЕНОВА

 

Бөлүшүү

Комментарийлер