ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТКЕ К.Ш. ТОКТОМАМАТОВДУН АТЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

  • 23.05.2018
  • 0

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) жогорку окуу жай макамында ишмердигинин 25 жылдыгына жана университеттин негиздөөчүсү, туңгуч ректору, президенти, экономика илимдеринин доктору, профессор, РМА академиги Кантөрө Шарипович Токтомаматовдун 70 жылдыгына арналган “Илимий изилдөөлөр: илимдеги, билим берүүдөгү жана технологиялардагы азыркы инновациялар” аттуу “1-Токтомаматов окуулары” эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТКЕ К.Ш. ТОКТОМАМАТОВДУН АТЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Мааракеге Европанын, Түркиянын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жана Кыргызстандын жогоркуу окуу жайларынын ректорлору, проректорлору жана илимпоздору, чет мамлекеттик жана эл аралык уюм-мекемелердин жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери катышты.

Бул окуу жай 1993-жылы Жалал-Абад Коммерциялык институту болуп ачылган. Университет Кыргызстанда гана эмес Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги боюнча алгачкы мамлекеттик эмес жогорку окуу жай болуп эсептелет. Аны белгилъъ илимпоз Кантөрө Токтомаматов негиздеген. Канттөрө Шарипович илим, билим, экономика жааттарында белгилүү илимпоз, мыкты жетекчи, чыныгы педагог, чыгаан адис, активдүү коомдук ишмер катары таанымал. Анын илимге, билимге, экономикага, өзү негиздеген жана өнүктүргөн университетке сиңирген эмгегин эске алып, окуу жайдын жамааты жана коомчулук университетке наамын ыйгарышты. Муну менен бирге иш-чарада окуу жайдын башкы имаратынын фойесинде анын эстелиги салтанаттуу түрдө ачылып, агайдын илимий-педагогикалык, коомдук ишмердигине арналган көргөзмөсү уюштурулду.

Окуу жайды учурда К.Токтомаматовдун шакирти, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков жетектейт.

Бөлүшүү

Комментарийлер