АИС: МЕКТЕП КИТЕПКАНАЛАРЫ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА

  • 26.04.2024
  • 0

АИС: МЕКТЕП КИТЕПКАНАЛАРЫ ЖАҢЫЛАНУУ ЖОЛУНДА

Азыркы замандын талабы — санариптештирүү. Азыр мугалим, окуучу эле эмес, китепканачы, жада калса, ата-эненин санарип к өндүмд өрг ө ээ болуусу талашсыз. Бирок окуучунун толук кандуу билим алуусу үчүн китепканадагы китептердин да жардамы чоң. Изденген окуучулар, мугалимдер, ата-энелер үчүн мектеп китепканасынын эшиги ар дайым ачык.

Айтайын дегеним, китепканачы бир күндүк жумушунда канчалаган адамдарды кабыл алып, маектешип, алардын оюн окуп, ала турган китептерин таап берип коюп эле отура бербестен, мектеп ичинде окуучулар менен биргеликте иш-чараларды  өтк өрүп, долбоорлор менен иштеп, алдыңкы мугалимдерден кем калбай чыгармачылык менен иш алып барат. Ошондон улам “КИТЕПКАНАЧЫ ДЕГЕН КИМ?” деген суроо жаралат. Биз, китепканачылар, бул суроого т өм өнд өгүд өй жооп бергибиз келди. Албетте, китепканачы — бул УЮШТУРУУЧУ, ПСИХОЛОГ, ОКУРМАН, ЧЫГАРМАЧЫЛ ИНСАН, ПЕДАГОГ. Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы мектептердин мына ушундай кесип ээлери жакында Рысалы Солтонбеков атындагы орто мектепке чогулуп, “Жаңы китеп” автоматташтырылган системасын  өзд өштүрүү боюнча тажрыйба алмаштык.

Мектеп китепканалары 2018-жылдан бери ушул системада иштеп келебиз. Анда  өзг өрүүл өр, жаңылануулар болуп турат. Себеби мектеп китепканасынын китеп фонду жыл сайын  өзг өрүүг ө дуушар болот. Фонд жаңы окуу китептери менен толукталып, окуучулардын саны  өзг өр өт, класс жетекчилер алмашат, китеп таратуу, китеп кабыл алуу, иш пландар, ижарага чогултулган акчанын отчету ачык к өрүнүп, башка тиркемелер иштелип, жалпы китепкана фонду боюнча Д-10 отчету автоматтык түрд ө түзүл өт. Бул иш-чара Жумгалда мектеп китепканачылары кандай иштерди алып барат, системада ишт ө ө  өз жыйынтыгын берип жатабы, кандай кыйынчылыктарды жаратууда деген сыяктуу суроолорго жооп алуу максатында уюштурулду.

Беш мектептин китепканачылары: Р.Солтонбеков атындагы мектептен Ж.Чодронова, Касымбек у. Мамбетаалы атындагы мектебинен Арзыбек к. Гүлзина, М. Өмүрканова атындагы мектептен Л.Шарипканова, А.Сулайманов атындагы орто мектебинен Н.Табалдиева, Таш-Д өб ө орто мектебинен А.Абдырашитова система менен ишт ө өд өгү тажрыйбалары менен б өлүшүп, иш кагаздар боюнча мыкты презентацияларды жасашты. Ал эми “Жаңы китеп” мекемесинин  өкүлд өрү китепканачыларга система боюнча кеңири маалымат берип, аткарылып жаткан иштерге жакшы баа беришти.

Жибек Чодронова,
Асель Абдырашитова,
Жумгал районунун мектеп китепканачылары

Бөлүшүү

Комментарийлер