ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТ ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУДА

  • 31.10.2018
  • 0

31-октябрда К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин ректору А.Мамасыдыков математика жана маалыматтык технологиялар кафедрасына бир катар техникалык каражаттарды тапшырды.

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТ ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУДА

Кафедранын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында жалпы 1 млн. 300 миң сом өлчөмүндө заманбап персоналдык компьютерлердин 42 комплектисин, эки ноутбук, бир проектор, эки принтер тапшырды. Бул компьютердик жана башка удаалаш техникалар окуу жараянында, окуу жайдын студенттеринин окуу аралык, жыйынтыктоочу сынактарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын олимпиадаларында колдонулмакчы. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер