Эл аралык университет: 1200 студент мекенине кайтты

  • 20.05.2024
  • 0

Кыргызстан эл аралык университетинде окуп жаткан 1200 студент мекенине кайтты. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ректору Асылбек Айдаралиев «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ректордун айтымында, мекенине кайткандардын көбү 1-2-курстун студенттери. Жогорку курста окуган студенттер азырынча бул жакта, алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Биздин университетте жалпы 3 миң чет элдик студент билим алат. 18-майга караган түнү болгон окуядан кийин университетте окуп жаткан 1200 студент өз өлкөсүнө кетти, алардын 90 пайызы пакистандыктар. Учурда 3 студентибиз университеттин ооруканасында дарыланууда. Мындай жагдай кайра кайталанбашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”, — деди Асылбек Айдаралиев.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 28 миң 800 чет элдик студент билим алууда. Анын басымдуу бөлүгүн Индия жана Пакистандан келген студенттер түзөт.

2022-жылы медициналык билим берген окуу жайларда чет элдик студенттер 3 миң доллардан, ал эми жергиликтүү студенттер 60 миңден кем эмес каражат төлөйт.

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер