ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

  • 12.05.2023
  • 0

Бүгүн 12-майда Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Адабий окуу предметинин негиздөөчүсү Токтомаметов Алмазбек Даткабековичтин педагогдук ишмердигинин 40 жылдыгына жана 60 жаш мааракесине арналган “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү, дене тарбиясы жана жарандык аң-сезими — учурдун өзөктүү маселеси» аттуу XII эл аралык илимий-практикалык симпозиум өз ишин баштады.

ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Симпозиумдун катышуучуларын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов онлайн режиминде куттуктады. «Мен Алмаз Даткабековичти чыгаан окумуштуу, мыкты жетекчи катары билем. Бул жолку илимий жыйын анын мааракесине арналып жатканы бекеринен эмес деп ойлойм. Билим берүүгө көп салым кошту. Дагы кошо берет деп ишенем. Биз Алмаз Даткабекович менен биргеликте мектептерде STEM билим берүүнү жайылтууга киришип жатабыз. Бул симпозиум бизге жаңы багыттарды көрсөтүп берет деген үмүттөмүн», — деди Эдил Байсалов.
Маараке ээсин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев да чын жүрөктөн куттуктады. «Жакында Таласта болуп атактуу мугалим Бектур Исаков  менен жолугуп келдим. Ушундай акылгөй мугалимдин жанында акылдуу сөзүн угуп олтуруп, чынын айтсам, өзүмдү жаш баладай сездим. Азыр бул залда Гапыр Мадаминовду, Орозали Сайдилкановду көрүп толкунданып турам. Алмаз Даткабекович дагы мына ушул устат мугалимдердин бири, эне тилге, билим берүү ишине опол тоодой салым кошкон нукура лидер,» — деп белгиледи Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы.
Эл аралык илимий жыйында маараке ээси Алмаз Токтомаметов да сөз алды. «Бул жыйын он экинчи жолу өтүп жатат. Он экидеги бала балакатка жетет, кыргыздын «Болор бала он экисинде эр болот, Болбос бала кыркында жаш болот» деген жакшы макалы бар.  Бул илимий симпозиумду Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүүнү ниеттендик эле, буюрса бул тилегибиз аткарылып жатат. Былтыр Таласта өткөрдүк эле, эмки жылы Нарында өтмөкчү. Быйылкы симпозиумга Сингапурдан,  Эстониядан, Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан өкүлдөр келишти. Симпозиум иши ийгиликтүү болоруна ишенем», — деп айтты  Алмаз Токтомаметов.

Эл аралык илимий жыйындын катышуучуларын  «Ыйык Ата Журт» фондунун жетекчиси Жаныбек уулу Нурсултан куттуктап, симпозиумдун ишине ийгиликтерди каалады.
Пленардык жыйында Эстониядагы билим берүү жетишкендиктери тууралуу онлайн билдирүү угулду. Мунун кызыктуу жагы докладчы ал жакта орус тилдүү мектептерге караганда эстон мектептеринин билим сапаты жогору экенин айтып өттү. «Эстонияда мектептер автономдуу болгондуктан окуу программаларын өздөрү түзүшөт», — деди Гунда Тире.
Андан кийин Орусиялык Инна Воронкова «Педагогдун конфликтологиялык компетенциясы: ресурстары жана мүмкүнчүлүктөрү» деген темада доклад жасады. Өзбекстандын өкүлү педагогика илимдеринин кандидаты Ирода Кахарова макал-лакаптардын бала тарбиясындагы ордуна токтолсо, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов мугалимдердин инсандыгы жана өнүгүүсү жөнүндө мазмундуу баян жасады. Симпозиумда Кара-Кулжадагы  автордук мектептин негиздөөчүсү Орозали Сайдилканов чыгып сүйлөп, азыркы мектептин эң чоң көйгөйү авторитардык педагогика экенин белгилеп, бардык педагогдорду гумандуу педагогиканын талаптарына ылайык эмгектенүүгө чакырды. Атактуу мугалим гумандуу педагогиканын жети принцибин атап берди.
(Эл аралык симпозиум бүгүн 12-майда жана эртең 13-майда өз ишин улантат).

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим» (Бишкек — Жалал-Абад)

Бөлүшүү

Комментарийлер