ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ОШМУНУН СТУДЕНТИ БАЙГЕЛҮҮ КАЙТТЫ

  • 30.01.2024
  • 0

Өзбекстандын Бухара мамлекеттик медициналык университетинде IV эл аралык жогорку медициналык окуу жайларынын студенттеринин арасында өткөн олимпиадада ОшМУнун студенти экинчи орунду ээледи.

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ОШМУНУН СТУДЕНТИ БАЙГЕЛҮҮ КАЙТТЫ

Эл аралык олимпиадага Кыргызстандан ОшМУнун медицина факультетинин студенти Гулчехра Арибжанова жана Орусиянын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын 300дөн ашуун студенти катышты.
Олимпиада медицинанын 42 багыты боюнча өткөрүлдү.  Анда медицина факультетинин студенти Гулчехра Арибжанова “Балдар ооруларынын пропедевтикасы»(Пропедевтика детских болезней) дисциплинасы боюнча катышып, 50гө жакын студенттин ичинен 2-орунду ээлеп, II даражадагы диплом менен сыйланды.

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ОШМУНУН СТУДЕНТИ БАЙГЕЛҮҮ КАЙТТЫ

Учурда Гулчехра Арибжанова медициналык факультеттин «педиатрия» адистигинде 3-курста билим алат. Студентти олимпиадага медицина факультетинин доценти Курсанбек Турдубаев даярдап, жетектеп барган.
Олимпиаданын алкагында доцент Курсанбек Турдубаев Бухара мамлекеттик медициналык университетиндеги  «Педиатрия», «Балдар ооруларынын пропедевтикасы» кафедраларынын  окуу-методикалык иштерине катышты.
Аны менен катар эле студенттерге 36 саат өлчөмүндө «Балдар ооруларынын пропедевтикасы» предмети боюнча практикалык сабак жана конок  лекцияларды окуп, сертификатка ээ болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер