ЭЛ АГАРТУУНУН МЫКТЫСЫ ТӨЛБАШЫ АЛЫМКУЛОВ 92 ЖАШ КУРАГЫНДА ДҮЙНӨ САЛДЫ

  • 14.07.2020
  • 0

Өлкөбүздүн билим берүү тармагы дагы бир жоготууга учурады. 92 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы Төлбашы Алымкулов көз жумду.

Төлбашы Алымкулов 1932-жылы ошол кездеги Фрунзе облусунун, Талас районуна караштуу Кең -Арал колхозунда колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.
Кат сабатын жоюп, татыктуу билим алуу үчүн 1939-жылы Талас районундагы Кең -Арал жети жылдык мектебинде окуп, 1946-жылы толугу менен 7- классты бүтүрөт. 1946 -1947- окуу жылында Талас районундагы Кырк — Казык орто мектебинде 8-классты, 1947-жылы Ленинполь районунун Чалдовар орто мектебинде окуп, 1949-жылы 10-классты аяктайт.

1951-жылы Кыргызстан мамлекеттик сырттан окуу жайынын педагогиялык институтунун “Тарых” факультетине окууга тапшырып, 1956-жылы ийгиликтүү аяктап, жогорку билимге ээ болот.

Эмгек жолун мектепти бүткөндөн кийин эле 1950-жылы август айында Ленинполь районуна караштуу Барк -Арык жети жылдык мектебинде 3-класстарга мугалим болуп баштаган. Бул мектепте 1954-жылга чейин эмгектенип, 1954-1956 жылдары азыркы Талас облусу мурунку Талас районуна караштуу Кең -Арал жети жылдык мектепте тарых жана география сабактары боюнча мугалим болуп иштеп, 1956-жылдан 1960-жылга чейин ушул эле мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенди.

1960-1961 жылдары Киров районундагы сегиз жылдык Кайыңды мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, 1961-жылдан баштап 1963-жылга чейин Киров районундагы сегиз жылдык Оро мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, андан кийин 1963-1968-жылдар аралыгында ушул эле мектепте директор болуп иштеген.

1968-жылы Талас районундагы Чалдовар мектеп -интернатында мугалим-тарбиячы болуп иштеп, 1969-жылы Талас районундагы Кең-Арал орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип, 1975-жылы ушул эле мектепке окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. 1992- жылга чейин жемиштүү ийгиликтерди жаратып, эмгектенип келди.

Анын жетишкендиктери: Кыргыз СССРинин Жогору Советинин ардак грамотасынын ээси, Улуу Ата Мекендик согуштун ооруктагы ардагери, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы, Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы, Талас облусунун жана Бакай-Ата районунун ардактуу атуулу.

Төлбашы Алымкуловдун жаркын элеси анын жакындарынан, окуучуларынын жана кесиптештирнин эсинде калат. Билим берүү жана илим министрлиги Төлбашы Алымкуловдун жакындарына, туугандарына жана уул-кыздарына терең көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

К.А. Исаков, Ж. А. Ташиев, Н. К. Омуров, Н. С. Джусупбекова, М. Ж. Усеналиев.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер