«ЭЛ АГАРТУУ» ЖУРНАЛЫНЫН ЖАҢЫ САНЫ ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 19.10.2022
  • 0

Бул санда белгилүү педагог окумуштуулар А. Турдугуловдун  «Кыргыз Республикасында окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин V-XI класстары үчүн кыргыз адабиятын окутуу боюнча 2022-2023 окуу жылына методикалык сунуштар”,  “Окуу китептерине текст тандоонун критерийлерин иштеп чыгуунун дидактикалык шарттары», Б.Оторбаевдин «Кыргыз адабияты сабагындагы эвристикалык баарлашуу жана интерактивдүү усул-ыкмалар-», С. Осмоналиеванын «Жогорку окуу жайларынын педагогика факультетинин студенттерине окуучунун жазуу маданиятын калыптандыруу үйрөтүүнүн актуалдуулугу» жана башка авторлордун макалалары жарык көрдү.

«ЭЛ АГАРТУУ» ЖУРНАЛЫНЫН ЖАҢЫ САНЫ ЖАРЫК КӨРДҮ

«Эл агартуу» журналы 1928-жылдан  бери («Жаңы маданият жолунда», «Маданий майдан», «Окутуучуларга жардам») өзүнүн беттеринде илимий-педагогикалык жана методикалык колдонмолорду жарыялап келе жатат. Ошондой эле мектептин алдыңкы мугалимдери, көрүнүктүү окумуштуулар жөнүндө илимий, документалдык очерктерди жаряылап, окутуунун жаңу ыкмалары тууралуу алдыңкы тажрыйбаларды жалпы мугалимдер коомчулугу менен бөлүшүүдө өзүнүн аздыр-көптүр салымын кошуп келе жаткандыгы да белгилүү.

«Эл агартуу» журналынын редакциясы авторлорду, мугалимдерди тыгыз кызматташууга чакырат. Алгылыктууу идеяларды айтып, окутуунун жаңы ыкмаларын сунуштап, алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшкөн макалаларга орун берүүгө редакция даяр.

Ошону менен бирге эле республикабыздын бардык почта түйүндөрүндө «Эл агартуу» журналына 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына жазылуу активдүү жүрүп жаткандыгын эскертебиз.

Андыктан шашылыңыздар, жазылыңыздар! Тажрыйба бөлүшүүгө ашыгыныздар!

Бөлүшүү

Комментарийлер