ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЖАҢЫ РЕКТОР    

  • 28.01.2019
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректору болуп экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык менеджмент академиясынын мүчө-корреспонденти, Билим берүүнүн мыктысы Сатыбалды Өмүрзаков дайындалды.

С.Өмүрзаков 1962-жылдын 29-декабрында Ош областынын Кара-Кулжа районунда туулган. 1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик  университетинин эсеп-экономика факультетин бухгалтердик эсеп адистиги боюнча аяктап, экономист квалификациясына ээ болгон.

Жогорку билимдүү адис катары эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик университетинин өнөр жайдагы бухгалтердик эсеп кафедрасынын окутуучусу болуп баштаган. 1990-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун аспирантурасында окуган. 1994-жылы экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон.

1995-1996-жылдары Кыргыз айыл-чарба институтунун агрардык бизнес факультетинин агрардык экономика кафедрасынын ага окутуучусу, 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Агрардык академиясынын агрардык бизнес факультетинин экономика жана финансы кафедрасынын доценти, 1996-2018-жылдары ЭАУда бухгалтердик эсеп, аудит жана финансы кафедрасынын доценти, кафедра башчысы, эсеп-финансы факультетинин деканы, ЭАУнун Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору,

Магистратура, аспирантура жана докторантура департаментинин директору, экономика жана экономикалык изилдөөлөр кафедрасынын башчысы кызматтарында иштеген. 2015-жылы Аймактык Менеджмент академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган. Америка Кошмо Штаттарынын, Россия Федерациясынын жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында, илимий мекемелеринде илимий тажрыйба алып келген. Бир катар монографиялардын, окуу китептеринин жана колдонмолорунун, экономикалык сөздүктөрдүн, көптөгөн илимий макалалардын автору.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер