ЭАУда СПОРТТУК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ

  • 19.01.2022
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин спартакиадасы жүрүп жатат.

Анда спорттун волейбол, баскетбол, кичи футбол, стол тенниси, чатыраш, жеңил атлетика, эстафета (спорт түрлөрүнүн жыйындысы катары), гирялык спорт (гиря көтөрүү), аркан тартышуу жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча күч сынашууда. Оюндар 27-январга чейин өтөт. Мындай спартакиадаларды өткөрүү ЭАУ үчүн салттуу иш-чаралардан болуп калган, бул спартакиадага жамааттын бардык мүчөлөрү катышат: жетекчилик жана кафедралардын окутуучулары, бөлүмдөр кызматкерлери жана чарба бөлүмүнүн жумушчулары.

Бөлүшүү

Комментарийлер