ЭАУ АЛДЫДА

  • 20.06.2022
  • 0

ЭАУ “EdNet” агенттигинин көз карандысыз аккредитациянын жыйынтыгы менен II “Өнүктүрүүгө карай жол жол” сыйлыгынын “Институционалдык аккредитациянын жыйынтыктары боюнча мыкты жогорку окуу жай” номинациясында жеңүүчүсү деп аныкталды.

ЭАУ АЛДЫДАҮстүбүздөгү жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү чөйрөсүндө сапат кепилдиги боюнча “EdNet” агенттиги II “Өнүктүрүүгө карай жол” сыйлыгынын “Институционалдык аккредитациянын жыйынтыктары боюнча эң мыкты университет” номинациясында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетти (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жеңүүчү деп аныкташты.

Эскертип кетсек, “Өнүктүрүүгө карай жол” сынагы биринчи жолу 2018-жылы өткөрүлгөн жана эки жылда бир өткөрүлүшү керек болчу. Бирок таажы илдетинин жайылышында токтоп, 2022-жылы гана экинчи жолу өткөрүлдү. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет бул аталышта жеңүүчү деп “EdNet” агенттигинин көз карандысыз аккредитациясынан кийин аныкталды. Аталган сынакта жеңишке жетиш үчүн ЭАУ ректораты, профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери көп мээнет кылганын белгилеп кетели. Ушул жеңиши менен ЭАУнун жамаатын, студенттерин куттуктайбыз жана жогорку кесиптик билим берүү, илим жаатында албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Муну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, “EdNet” агенттигине тыгыз кызматташкандыгы жана жогорку баа бергени үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер