Э.БАЙСАЛОВ: “ Мектеп тамак-аш маселесин социалдык милдет катары гана эмес, инвестициялык өсүүгө дем берүүчү фактор катары да карайбыз”

  • 24.11.2023
  • 0

КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумунун экинчи күнү Мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында уланууда.

Экинчи күндөгү иш-чара мамлекеттик гимн менен башталып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөдү.

Э.БАЙСАЛОВ: “ Мектеп тамак-аш маселесин социалдык милдет катары гана эмес, инвестициялык өсүүгө дем берүүчү фактор катары да карайбыз”

Мектеп тамак-аш маселеси өсүп келе жаткан организмди жөн гана пайдалуу азыктар менен камсыз кылуу эмес. Бул маселе, көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, айыл чарбаны колдоочу, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүчү мамлекеттин натыйжалуу инструменти болуп саналат. Ушул себептен Кыргыз Республикасынын жетекчилиги мектеп тамак-аш маселесин социалдык милдет катары гана эмес, инвестициянын жана экономикалык өсүүгө дем берүүнүн маанилүү фактору катары да карайт», — деди Эдил Байсалов.

Форумда КМШ өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр презентацияларын жасап, докладдар окулууда.

Э.БАЙСАЛОВ: “ Мектеп тамак-аш маселесин социалдык милдет катары гана эмес, инвестициялык өсүүгө дем берүүчү фактор катары да карайбыз”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун сунушу менен мектеп тамак-аш темасы КМШдагы  учурдагы төрагалыктын бир катар расмий иш-чараларынын арасында биринчи жолу маанилүү орунду ээледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер