ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЮНИСЕФТИН ӨКҮЛҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
- 19.06.2024
- 0
Кечээ билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы жаңы өкүлү Самман Тапа (Samman Jung Thapa) менен жолугушту.
Маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматы боюнча, жолугушууда министр Догдуркүл Кендирбаева “Алтын казык” билим берүүнү Маалыматтык саясат бөлүмү трансформациялоо программасы, анын ичинде балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү аракеттери жана алдыда чогуу жасай турган иштер жөнүндө айтып берди.
Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн биргелишип иштөө багыттары тууралуу пикир алып, сунуштарды айтышты.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер