ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА БАТКЕН ОБЛУСУНДА МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУНА КАПСУЛА САЛУУ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

  • 19.01.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Ай-Көл айылындагы Наркозу Батыров атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА БАТКЕН ОБЛУСУНДА МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУНА КАПСУЛА САЛУУ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

Учурда мектепте 31 мугалим 11 техкызматкер эмгектенет жана 284 окуучу билим алууда.

225 орундуу типтүү мектептин жаңы имаратын куруу жумуштары башталып, анын жалпы сметалык баасы – 70 млн сом, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Курулуш иштерин  тендерден уткан   “Илек Строй Групп” курулуш компаниясы   жүргүзөт.

Белгилесек, Н.Батыров атындагы орто мектеби  1954-55-жылдары  малчылар үчүн салынган 2 бөлмөлүү үй  болгон, дубалдары ылайдан, чатыры черепица менен  жабылган. 1963-жылдары Гордой айылындагы “8-март” башталгыч мектеби көчүрүлүп ошол үйлөргө  жайгаштырылган. 1975-1977-жылдары ашар жолу менен 2 класс кошулуп,  жалпы билим берүүчү мектеп  болуп өзгөргөн.

1981-1983-жылдары  МЖС тарабынан 5 класс кошумча салынып 140 орундуу орто мектеп болуп  иштеп келе жатат. Мектептин абалы кооптуу болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын ӨКМнин   маниторинг жүргүзүү департаментинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы № Б-53 корутундусу чыгарылып, жаңы мектеп салынуусу талапка ылайык деп көрсөтүлгөн.

Министр Н.Батыров атындагы орто мектептин иши менен таанышкан соң, Баткен облусунун билим берүү мекемелеринин башчылары жана мугалимдери менен жолугушмакчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер