ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “БАЛДАРДЫ ЖАНА ЖАШТАРДЫ КЛИМАТТЫК КҮН ТАРТИБИНЕ КИРГИЗҮҮ ӨТӨ МААНИЛҮҮ”
- 10.11.2023
- 0
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ташкентте өткөн “Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү — балдар жана жаштар иш-аракетте” эл аралык форумунда сөз сүйлөдү.
Догдуркүл Кендирбаева: “Туруктуу өнүгүү маданиятын илгерилетүү жана балдарды, жаштарды климаттык күн тартибине тартуу боюнча аймактык стратегия өтө зарыл жана өз убагында жасалган демилге” деп баса белгиледи. Билим берүү жана илим министри демилгени ишке ашыруу үчүн билим берүүнүн мазмуну да өзгөрүп, билим берүү чөйрөсүн өзгөртүүгө шарттар түзүлүп жатканын билдирди.
Форум Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө жана БУУнун Климаттын өзгөрүшү конференциясына (COP 28) карата Экология, курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлигинин колдоосунда «Замин» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду.
Форум экологиялык билимди жайылтуу аркылуу климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлери менен күрөшүүдө балдардын жана жаштардын ролун таанууга багытталган.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер