Директорлор сынагы: 147 талапкер өттү

  • 15.04.2024
  • 0
Республика боюнча мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурстук тандоодон 147 талапкер өттү. Бул тууралуу Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору билдирди. 
Маалыматка ылайык, катышуучулардын 52%ы белгиленген 60% босого упайды топтогон. Бишкек шаары боюнча 17 талапкер, Ош шаары – 3, Баткен облусу – 9, Жалал-Абад облусу – 25, Чүй облусу – 10, Нарын облусу – 16, Талас облусу – 11, Ош облусу – 32, Ысык-Көл облусу – 17, ал эми республикалык баш ийүүдөгү мектеп-интернаттар боюнча 7 талапкер өттү.
Сынакка катышуу үчүн өлкө боюнча жалпы 490 талапкерден документ келип түшкөн, анын 287 талапкерге тестирлөөгө катышууга уруксат берилсе, 280 талапкердин документтери белгиленген талаптарга ылайык келбегендиктен четтетилген.

Эске салсак, республика боюнча 407 ваканттык орун бар.

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер