ДИРЕКТОРДУ ТАНДОО СЫНАГЫНАН 61 ТАЛАПКЕР ӨТТҮ

  • 12.08.2022
  • 0

Кечээ Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу корпусунда өткөн Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөөдө 61 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай алды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматынан белгилүү болгондой, сынакка 314 талапкер документ жиберип, анын 94ү документтерин толук тапшырбагандыктан, экинчи этапка өткөн эмес. Компьютердик тестирлөөгө катышкан 220 талапкердин ичинен 61 талапкер босого баллдан өттү.

Эскерте кетсек, директорлорду тандоо сынагынын графиги боюнча кечээ түшкө чейин Баткен облусунда өткөн директорлорду тандоо сынагына 147 талапкер катышып, 60 талапкер босого баллдан жогору упай топтогон.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер