ДИРЕКТОР КУЛАК ЧЕРТКЕНДЕ

  • 30.05.2020
  • 0

Райондон жүз чакырымдай алыс жайгашкан Көк-Таш айылындагы №22 Абдиназар Жумабаев орто мектебинде окудум. Биз 1936-жылы курулган эски мектепте окуп бүтүргөнбүз. Азыр болсо жаңы үч кабат мектеп курулуп, эски Г формасында салынган, алдында арчалары бар корпустун орду жок. Мектепти көп жыл Абдимухтар Абдиназаров башкарды. Агай кыргыз адабиятынан сабак өткөндүктөн, ар бир сабагын беш мүнөттүк поэзия менен баштаар эле. Абдимухтар агайды айылдаштарыбыз Мухтар агай же жөн эле директор деп аташчу. Жогорку класстар сабак окубагандарды директор кулагына чертет деп айткандарын көп укканбыз.

ДИРЕКТОР КУЛАК ЧЕРТКЕНДЕ

7-класска көчтүк. Сентябрь айынын башында кыргыз адабияты сабагында чурулдашып отурсак эшиктен директор кирип келди. Баарыбыз тынч отуруп калдык. Директор дегенде сыпайы тартып калчубуз, кутурган окуучулар да тартиптүү боло түшчү. Мындан ары кыргыз адабиятын директор өтөөрүн түшүндүк. Күндөрдүн биринде үйгө тапшырма “Кожожаш” эпосун окуп келүү жана жатка айтып берүү берилди. Биз дайым кирүүгө коңгуроо кагылганда класска чуркап келип, сабак башталганга чейин китептен мээге киргенче жаттаганга аракет кылчубуз. Бул сапар да ошондой болду. Директор сабак баштап жатып өзү ыр окуду. Анан үй тапшырмасына ким даяр болсо кол көтөрсүн деди. Класс жым. Баарыбыздын башыбыз китепте, угулар-угулбас үндөр менен жаттап баштадык. Мугалимдерге таандык бир салт бар, мындайда ачуусу келип журналдагы аты-жөнүбүздү алфавит боюнча катарынан сурап баштайт.

— Асанов, – деди көз айнегинин үстүнөн карап. Асанов ордунан турду, бирок ныпым сөз жок. Саамга тынчтык өкүм сүрдү. Директор үнүн өктөм чыгарып кийинки Асановду тургузду. Эки Асановдон кийин калгандарыбыз да акырындан күңк-мыңк деп бир-эки куплет айтканыбыз болбосо четибизден ар шылтоону айтып, туруп келатабыз. Кезек мага келди.

— Колдошов, – деди директор. Акырын турдум дагы, терезе тарапта тургандыктан айнектен көрүнүп турган Чоң-Сайдын суусун, тоону тиктеп сабак башталарда жаттаган ыр саптарын баштадым.

Кабар келди бир күнү,

Кожожаштын айлына,

Кожожаш муну билген жок,

Келген сөздүн дайнына.

Ыы-ыы-ы деп онтоп китепти карайын десем, жанымдагы классташым кийинки бетин ачып коюптур. Ырды тапкыча директор кийинки фамилияга өтүп кетти. Класс боюнча шылкыйып көпчүлүгүбүз ордубуздан туруп калдык. Эпосту окуп келишкен кыздарыбыз көңүлү жайдары, биз болсо көздүн кыйыгы менен агайды карап, партанын бетин тырмап краскасын көчүрүп турабыз.

ДИРЕКТОР КУЛАК ЧЕРТКЕНДЕ

Директор салмактуу басып келип, биринчи партадан баштап, окубай келгенибиздин себебин сурап, кулагыңа сөз кирбей калган окшойт деп, окуучулардын кулагын чертип келатты. Бир кулагын бекиткендердин экинчисин чертет. Мага келгенде “Оку, оку” деп беш жолу сол кулагымды чертти. Унчукпай кызарып турдум. Мындан башка мугалимдердин урушканын укканым гана болбосо бул менин мектептеги биринчи жана акыркы жолу эскертүү алганым болду. Алгебра, геометрия, физика, химия деген сабактарды эптеп уруш укпаганга, дурус баа үчүн гана окуп жүрдүк.

***

9-класс болдук, боюбуз өсүп, акылыбыз жетиле баштаган кез. Бир кабат мектептин узун коридорунун баш жагындагы экинчи класста биз окуучубуз. Күндөрдүн биринде эми сабак башталганда эшик тыкылдап калды. Мугалимибиз эшикти ачканда сырттан үн угулду. “Колдошов барбы? Директор чакырып жатат”, – угуп жүрөгүм шуу деди. Өмүрүмдө бир эле жолу журнал алганы мугалимдер каанасына киргеним болбосо такыр көргөн эмесмин. Директордун каанасын айтпай эле коеюн. Тартип бузгандар, уурулук кылгандар, сабак калтыргандар үчүн директордун, мугалимдердин каанасы тааныш болчу. Мен кулагым чуулдап, заматта оюма ар нерселер келе баштады. Кайсы күнөөм үчүн директор чакырып жатат? Оюмдун аягына чыга электе эшикке чыктым. Коридордо бизден бир класс жогору окуган Жеңиш Абдиев турат. Учурашкандан кийин “директор мени эмнеге чакырып жатат?” десем, “Эмне нарушение кылдың эле?” деди мыскылдагансып. Экөөбүз үн-сөзү жок ээрчишип коридор менен эң акыркы класска келдик. Бул классты биз сексен бештердин классы дечүбүз. Акырын эшикти ачсам класстагылардын баары жапырт мени карап калышты. Директор көз айнегин мурдунун учуна илип, көзүнүн төбөсү менен карап туруптур. Жеңиш ордуна кетти. Директор колу менен бери кел деп жаңсады. Карасам экинчи партада агайдын кызы Турдугүл, дагы эки-үч кыз гана отурат, калгандарынын баары шылкыйып, ручкасы менен партаны чийип туруп турушат. Бул көрүнүш мага да тааныш эмеспи, тапшырма аткарбай келишиптир деп дароо түшүндүм.

— Түмөнбай, Алыкул Осмоновдун “Отуз жашын” окучу – деди директор. Ал ыр мага жаккан ыр эле, шатыратып баштадым. “Ата Журтту оку” деди, аны да окудум. Ошентип, “Бөбөккө”, “Ата Журтум”, Өзүмдү-өзүм”, “Кыргыз тоолору”, “Грунья Савельевнага”, “Музыка”, “Фрунзе” ырларын жана “Жеңишбек” поэмасынан үзүндүнү жатка айтып бердим. Директор ордунан туруп мени желкемен таптап, “Мына, окуй турган бала ушинтип окуйт!” деди. 10-класстын окуучуларын бир сыйра ачуусу менен кыдырата карап чыкты. Бир азга ойлонуп туруп, мени бара бер деди. Коридорго чыккандан кийин өзүмө келе түштүм. Сүйүнгөнүмдөн жүрөгүм алып учат, мактанганга киши жок эле. Коридордун этегинен өзүбүздүн класска карап колдорумду жайып чуркап жөнөдүм.

Классты тыңшасам эжекенин үнү угулду, көңүлүм жайдары шарт кирип барсам, класстагы балдар ар жерде көңүлсүз турушат. Азыр эле онунчу класстын туруп турганын көргөнгө биздин класстагы көрүнүш күлкүмдү келтирди.

***

8-9-класстарда окуп жүргөнүмдө кайсы бир журналга Рамис Рыскуловдун “Акын болуш, Президент болуш” деген маеги чыккан. Акын болуу үчүн миң куплет ыр жаттагам деген жери эсимде калыптыр. Мен дагы акын боломун деп Алыкул Осмонов, Жусуп Турусбеков, Мукай Элебаев, Жоомарт Бөкөнбаев сыяктуу акындардын ырларын, Темиркул Үмөталиевдин “Айсулуу”, “Үч баатыр” поэмаларын жатка айтчумун. “Ала Тоо” журналына Түмөнбай Байзаков Барпы акындын китепке кирбей калган ырларын жарыялаган. Ошол “Барнайым”, “Меңей” сыяктуу элге жетпей калган ырларын да жаттадым. Бир жолу өзүмдү сынап көрмөккө Барпы Алыкуловдун ырларынан жатка билгендеримди санап көрөйүн деп эсептеп баштадым эле, 154 куплетке жеткенде адашып кеттим. Өзүмчө кам эсеп менен башка акындардыкын кошкондо миңге жакындашып калыптыр деп койдум.

Ошентип, кыргыз адабияты сабагына болгон кызыгуум артып, акын болот элем деген дымак менен окууну бүттүм. Абдимухтар агайдын колунан мектепти ийгиликтүү аяктагандыгым үчүн Ардак грамота менен сыйландым. Журналист болуу кыялым да бар эле, бирок ал кыялым кыял боюнча калды. Агайдын жолун улап кыргыз филологиясы факультетине тапшырдым. Мектептеги мугалимдер окуучуларынын тагдырын өзгөртүп, багытын аныктап, турмушта ким болоорун алдын ала аныктап коет экен. Мугалимдер болочоктогу адистерди тарбиялоодо дайым үлгүлүү болууга тийиш. Анткени, биздин ар бир кыймыл-аракетибиз окуучулардын көзүнө урунат, эсинде калгандарын өмүрү өткөнчө айтып жүрүшөт. Балким мага окшоп кесип тандоого себепчи болгон агайы жөнүндө алар да учуру келсе узун сабак сөз кылар.

ДИРЕКТОР КУЛАК ЧЕРТКЕНДЕ

Түмөнбай КОЛДОШОВ,

ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору,

 ф.и.к., доцент

 

Бөлүшүү

Комментарийлер