ДЕНЕ ТАРБИЯ МУГАЛИМДЕРИНИН КАДЫР-БАРКЫ КӨТӨРҮЛӨБҮ?

  • 25.03.2021
  • 0

5-6-апрель күндөрү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КМДТжСА) башкы имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында форум өтөт.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Саидин Азизбаевдин билдирүүсүнө караганда, форумдун негизги багыттары Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорттун абалын талкуулоо, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциясына” сунуш киргизүү.

— “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциясынын” негизинде дене тарбия жана спорт жаатында ченемдик укуктук, концептуалдык, программалык документтерди өркүндөтүү. Кылмыштуулук, зомбулук жана баңгизатты колдонууну эскертүү жана алдын алуу максатында,  дене тарбия жана спорттун жардамы менен турмуштук тажрыйбаны өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы “Жашоого кошул” программасын ишке ашыруу.  Жогорку окуу жайларында жана жалпы билим берүү мектептеринде өсүп келе жаткан муунга адеп-ахлактык тарбия берүү. “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Коцепциясынын” негизи катары, дене тарбия жана спорт каражаттары менен өсүп келе жаткан муунга атуулдук-патриоттук тарбия берүү. Сергек жашоонун жана улуттун ден соолугунун, ошондой эле дене тарбия жана спортту жайылтуунун негизи катары, жогорку окуу жайларында жана мектептерде дене тарбия мугалимдеринин, машыктыруучулардын статустарын жана кадыр-баркын көтөрүү боюнча иш-чаралар жөнүндө. Ошондой эле “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепцияны” ишке ашыруу максатында жогорку окуу жайларында жана мектептердеги дене тарбия жана спорт  багыттары боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын  жеткиликтүү кайра иштеп чыгуу. Мындан сырткары ден соолуктарына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын дене тарбия жана спорт менен машыгууларын  камсыздоо боюнча педогогикалык жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү багыттары талкууланат, — дейт ректор.

Форумдун ишине катышуу үчүн Бишкек жана Ош шаардык, облустук билим берүү бөлүмдөрү, дене тарбия жана спорт комитеттери (беш өкүлгө чейин), мындан сырткары дене тарбия факультеттери бар жогорку окуу жайлары (бирден өкүл) катышуучулардын тизмесин (арыздын формасы тиркелет) 2021-жылдын 28-мартына чейинe-mail: [email protected]  дарегине жөнөтүүлөрү тийиш.

Форумга тапшырылган эң мыкты докладдар “Дене тарбия жана спорт  Жарчысы” илимий-практикалык журналына жарыяланат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер